Батыш коалициясынын Сирияга болгон чабуулу

14-апрелдин таңында Бишкек убактысы боюнча эртең менеки саат жетиде АКШ баш болуп Улуу Британия, Франция абадан Сирияга чабуул койду. Батыш коалициясы бутага "химиялык куралдарды жасаган жана изилдеген борбору" алынганын айтты. Үч өлкө жүздөн ашуун канаттуу жана "аба-жер" деп аталган ракеталарды учурган.