Пан Ги Мундун Кыргызстанга болгон сапары

БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун Борбордук Азияга болгон иш сапарынын алкагында 10-июнда Кыргызстанга келди.

Пан Ги Мун Кыргызстандагы парламентаризмдин өнүгүшүнө арналган конференцияга катышты. Ал ошондой эле Ошко барат жана шаарды 2010-жылдагы июнь окуяларынан кийин калыбына келтирүү иштери менен таанышат.