WEF Global 14 жана Arzalet FCG турнири

10-ноябрда Бишкекте аралаш мушташ боюнча кыргызстандык WEF Global лигасы менен япониялык Arzalet FCG уюмунун биргелешкен турнири өттү. Анын алкагында 19 мелдеш тартууланып, бешөөсүндө чемпиондук кур ойнотулду. Турнирге Орто Азиянын, Япониянын, Монголиянын, Бразилиянын жана Россиянын мушкерлери күч сынашты.