Жаңы премьер-министрди дайындоо

Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасын кабыл алды. Мындан улам парламентте көпчүлүк коалициясы чогулуп, премьер-министрликке талапкер сунуштайт. "Өкмөт тууралуу" мыйзамга ылайык жаңы өкмөт 15 күндүн ичинде дайындалышы керек. Бирок айрым депутаттар азыркыдай кыйчалыш убакта колдон келишинче тезирээк премьер шайлоо керектигин айтууда.