Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары

2-3-мартта Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик сапары менен Казакстанга барат. Анда Жапаров казак лидери Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, Мажилистин төрагасы Нурлан Нигматулин жана өкмөт башчы Аскар Мамин менен жолугары пландалууда. Мындан тышкары, ал ишкерлик чөйрөнүн өкүлдөрү менен кезикмекчи.