Sputnik тест: кандай көчмөн болор элеңиз?

1342
(жаңыланган 17:47 07.02.2017)
Бир нече кылым мурун жарыкка келсеңиз эмне менен алектенмек элеңиз? Жан дүйнөңүзгө сүңгүп, ушул суроого жооп издедик.

Көчмөндөр оюнунун чыдамсыздык менен күткөн башкы күйөрман болсоңуз, биздин тесттен өтүп, убакытты кыскартыңыз. 

Биз көчмөндөр доорунда ким болмоктугуңузду иликтеп көрдүк.

Тесттен өтүү үчүн сайттын толук версиясына кирүү керек>>

1342
Белгилер:
тест, көчмөн, Кыргызстан
Тема:
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү Жансеит Туймебаев менен

Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлүн кабыл алды

6591
(жаңыланган 22:23 28.01.2021)
Мамлекет башчы кызматка киришкен күнү "Газпром" компаниясынын  төрагасынын орун басары жана директорлор кеңешинин мүчөсү Виталий Маркеловду да кабыл алган.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблея төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

  • Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблея төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаевди кабыл алды
    Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблея төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаевди кабыл алды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Жапаров Түймебаевге инаугурацияга  катышкандыгы үчүн ыраазычылык айтты. Ал боордош эки элдин ортосундагы мамилени бекемдөөгө Назарбаевдин салымы зор экенин белгилеген
    Жапаров Түймебаевге инаугурацияга  катышкандыгы үчүн ыраазычылык айтты. Ал боордош эки элдин ортосундагы мамилени бекемдөөгө Назарбаевдин салымы зор экенин белгилеген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблея төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаевди кабыл алды

Жапаров Түймебаевге инаугурацияга  катышкандыгы үчүн ыраазычылык айтты. Ал боордош эки элдин ортосундагы мамилени бекемдөөгө Назарбаевдин салымы зор экенин белгилеген.

Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолукту
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мамлекет башчы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, инвестициялык алакаларды кеңейтүүгө даяр жана кызыкдар экенине токтолгон.

Өз кезегинде Туймебаев Кыргызстанга Назарбаевдин атайын тапшырмасы менен келгенин белгиледи. Ошондой эле казакстандыктар боордош кыргыз элинин тагдырына жана Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга кайдыгер эместигин айтты.

Жапаров кызматка киришкен күнү "Газпром" компаниясынын  төрагасынын орун басары жана директорлор кеңешинин мүчөсү Виталий Маркеловду да кабыл алган.

Жолугушууда өлкөнү газ менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча мындан аркы чаралар талкууланды. 

Мамлекет башчы "Газпром" Кыргызстандын газ тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын белгилеп, бул багытта жүргүзүп жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирген.

6591
Белгилер:
өкүл, Нурсултан Назарбаев, Садыр Жапаров, Казакстан, Кыргызстан
Тема:
Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары
Тема боюнча
Бир туугандары, үй-бүлөсү көз салып. Садыр Жапаровдун ант берген аземинен 17 ирмем
Президент Жапаров биринчи кезекте кайсы жарлыктарга кол коерун айтты
Улуттук кийим кийген аял. Архив

Катасыз жаза аласызбы? Тесттен өтөбүз

20931
Учурда калктын көбүн сабаттуу деп билебиз. Бирок кээде бир сүйлөмдөн 4-5 катаны көрүүгө болот. Негизи адам кээде билимин маал-маалы менен текшерип турса ашыктык кылбайт.

Sputnik Кыргызстан кыргыз тилиндеги сөздөрдү туура жазуу боюнча кезектеги тестин даярдады.

 

Sputnik Кыргызстан сайтынан каалаган темада каалаган учурда каалаган санда тест таба аласыз. Алардын тематикасы ар кыл.

Эгерде Кыргызстан санариптешип баратат, онлайн-диктант жазышым керек десеңиз, аныбыз дапдаяр.

Сабаттуу жаза аларымды текшерем дегендерге тестти илгиртпей сунуш кылабыз.

Кандай гана кыргызча татаал сөз болсо да, кыйналбай түшүнөм дегендер үчүн да тест даярдаганбыз.

Депутаттын ката жазарын көрөм десеңиз, көз майыбызды коротуп жасаган тест да бар.

Баса, Facebook баракчабызга кирсеңиз, каалаган темада тесттер бар. Четинен өтө берсеңиз болот.

20931
Белгилер:
кыргыз тили, сабат, жазуу, ката, кыргызча тест, Кыргызстан
Тема:
Кыргызча тесттер
Тема боюнча
Бүтүрүүчүлөр үчүн түзүлгөн тесттен өтө аласызбы? ЖРТнын суроолору
Кыргызча катасыз жазарыңызды текшерип көрүңүз. Тест
Бишкек шаарынын мурунку биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев. Архив

Бишкекте шаар жетекчисинин орун басарлары алмашты

0
Бишкек мэриясында калаа жетекчисинин эки орун басары алмашты. Буга чейинки биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу иштен бошотулду.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болуп, биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев башка кызматка которулгандыгына байланыштуу иштен бошотулду. Бул тууралуу муниципалитеттен маалымат кызматынан билдиришти.

Анын ордуна буга чейин тиричилик-коммуналдык чарба боюнча вице-мэр болуп келген Жамалбек Ырсалиев дайындалды.

Ал эми шаар башчысынын экономикалык жана финансылык маселелер боюнча орун басары болуп Максатбек Сазыкулов келди. Буга чейин ал Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунда Уюштуруучулукту өнүктүрүү департаментин жетектеген.

0
Белгилер:
вице-мэр, Жамалбек Ырсалиев, Алмаз Бакетаев, Бишкек мэриясы, Бишкек
Тема боюнча
Уланбек Калманбетов Архитектура, курулуш агенттигин жетектемей болду