Кыргыз кызы

Жакшы киши макалчы. Төмөндөгү тесттен макалдын мазесин чыгарып көрүңүзчү

11747
(жаңыланган 17:11 24.10.2016)
Жаман киши макалчы дешет, жок, чечен киши макалчы. Кептин көркүн да ушул канаттуу сөздөр чыгарат эмеспи. Укканда тим эле кулак жыргайт. Sputnik Кыргызстан бул сапар канчалык макалдатып сүйлөй ала турганыңызды аныктап алуу максатында төмөнкү тестти сунуштайт.

 Урматтуу замандаш, тест жакса досторуңузга да сунуштаңыз. Алардын макалардарды канчалык билээрин текшерели.

Дагы билимимди текшерем десеңиз, бул жакта сонун тесттер бар:

Кыргызча кыйытып сүйлөй аласызбы? Өтмө маанидеги сөздөрдү өтө жакшы билгендерге тест >>.
Кыргыз тилин канчалык деңгээлде билесиз?>>>
Жаныбарлардын балдарын жатка билесизби? Чөндөлөй менен мөндөлөй>>>.
Тууган-туушкандын аталышын билесизби?>>>

11747
Белгилер:
тест, кеп, макала, сөз
Тема:
Кыргызча тесттер (160)
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү Жансеит Туймебаев менен

Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлүн кабыл алды

6559
(жаңыланган 22:23 28.01.2021)
Мамлекет башчы кызматка киришкен күнү "Газпром" компаниясынын  төрагасынын орун басары жана директорлор кеңешинин мүчөсү Виталий Маркеловду да кабыл алган.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблея төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

  • Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблея төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаевди кабыл алды
    Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблея төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаевди кабыл алды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Жапаров Түймебаевге инаугурацияга  катышкандыгы үчүн ыраазычылык айтты. Ал боордош эки элдин ортосундагы мамилени бекемдөөгө Назарбаевдин салымы зор экенин белгилеген
    Жапаров Түймебаевге инаугурацияга  катышкандыгы үчүн ыраазычылык айтты. Ал боордош эки элдин ортосундагы мамилени бекемдөөгө Назарбаевдин салымы зор экенин белгилеген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблея төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаевди кабыл алды

Жапаров Түймебаевге инаугурацияга  катышкандыгы үчүн ыраазычылык айтты. Ал боордош эки элдин ортосундагы мамилени бекемдөөгө Назарбаевдин салымы зор экенин белгилеген.

Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолукту
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мамлекет башчы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, инвестициялык алакаларды кеңейтүүгө даяр жана кызыкдар экенине токтолгон.

Өз кезегинде Туймебаев Кыргызстанга Назарбаевдин атайын тапшырмасы менен келгенин белгиледи. Ошондой эле казакстандыктар боордош кыргыз элинин тагдырына жана Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга кайдыгер эместигин айтты.

Жапаров кызматка киришкен күнү "Газпром" компаниясынын  төрагасынын орун басары жана директорлор кеңешинин мүчөсү Виталий Маркеловду да кабыл алган.

Жолугушууда өлкөнү газ менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча мындан аркы чаралар талкууланды. 

Мамлекет башчы "Газпром" Кыргызстандын газ тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын белгилеп, бул багытта жүргүзүп жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирген.

6559
Белгилер:
өкүл, Нурсултан Назарбаев, Садыр Жапаров, Казакстан, Кыргызстан
Тема:
Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары
Тема боюнча
Бир туугандары, үй-бүлөсү көз салып. Садыр Жапаровдун ант берген аземинен 17 ирмем
Президент Жапаров биринчи кезекте кайсы жарлыктарга кол коерун айтты
Улуттук кийим кийген аял. Архив

Катасыз жаза аласызбы? Тесттен өтөбүз

20896
Учурда калктын көбүн сабаттуу деп билебиз. Бирок кээде бир сүйлөмдөн 4-5 катаны көрүүгө болот. Негизи адам кээде билимин маал-маалы менен текшерип турса ашыктык кылбайт.

Sputnik Кыргызстан кыргыз тилиндеги сөздөрдү туура жазуу боюнча кезектеги тестин даярдады.

 

Sputnik Кыргызстан сайтынан каалаган темада каалаган учурда каалаган санда тест таба аласыз. Алардын тематикасы ар кыл.

Эгерде Кыргызстан санариптешип баратат, онлайн-диктант жазышым керек десеңиз, аныбыз дапдаяр.

Сабаттуу жаза аларымды текшерем дегендерге тестти илгиртпей сунуш кылабыз.

Кандай гана кыргызча татаал сөз болсо да, кыйналбай түшүнөм дегендер үчүн да тест даярдаганбыз.

Депутаттын ката жазарын көрөм десеңиз, көз майыбызды коротуп жасаган тест да бар.

Баса, Facebook баракчабызга кирсеңиз, каалаган темада тесттер бар. Четинен өтө берсеңиз болот.

20896
Белгилер:
кыргыз тили, сабат, жазуу, ката, кыргызча тест, Кыргызстан
Тема:
Кыргызча тесттер (160)
Тема боюнча
Бүтүрүүчүлөр үчүн түзүлгөн тесттен өтө аласызбы? ЖРТнын суроолору
Кыргызча катасыз жазарыңызды текшерип көрүңүз. Тест
Москванын кызыл аянтындагы полиция кызматкери. Архив

Москвада COVID күч алып бир апталык локдаун жарыяланды

0
(жаңыланган 11:55 13.06.2021)
Россиянын борбор калаасында коронавирус жуктургандардын саны өсүп жаткандыктан тогуз күн бою ишке чыкпоо боюнча жарлык чыкты.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Москва шаарында коронавирустун жаңы штаммы тарап жаткандыктан кайрадан чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Собяниндин жарлыгында айтылды.

Документке ылайык, Москвада 15-19-июнь күндөрү эс алуу жарыяланды. Анын алдындагы дем алыштарды эске алганда Москва шаарында 9 күн бою (12-20-июнь) иштешпейт. Ошондой эле шаар бийлиги ишканаларда кызматкерлердин 30 пайызын аралыктан иштөө режимине өткөрүүнү сунуштады.

"Вирустун жаңы штаммдары табылууда. Шаарда эпидемиологиялык абал курчуп, мурда белгиленген жогорку чекке жетип бара жатат. Акыркы сутка ичинде эле өлкөдө 13 510 адамдан вирус аныкталды. Анын 6 миңден ашыгы Моксва шаарында жашагандар", — деп айтылат кабарда.

Ошондой эле зоопарк, түнкү клуб, караоке, балдар аянтчалары, тамактануу жайларында иштөө убактысы боюнча чектөөлөр киргизилди.

0
Белгилер:
абал, локдаун, коронавирус, Москва, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID-19дан улам Ош шаарында 1-июлга чейин бардык иш-чаралар токтотулду