Калпакчан адам. Архив

Каргыш сөздөр. Капыстан кулак чалса, кабарыңыз болсун. Тест

(жаңыланган 16:01 20.02.2019)
Деми жылуу сөз менен көңүлдү сууткан сөздөр да бар. Эл арасында ал каргыш деп айтылып, азыркылар ал сөздөрдүн көбүн билбей калды. Ал эми улуу муун аны айткандан да, уккандан да оолактап, сестенип турган.

Бул сапаркы тестибиз каргыш сөздөрдөн түзүлдү. Капыстан бирөө каргаса, "ырахмат, айтканыңыз келсин" деп жибербеңиз.

Көк бөрү туурасында тесттен өтөм десеңиз бул жердеги шилтемени баса салыңыз.

Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романы боюнча тест бул жерде.

Улуттук тамак-аштар, анын ичинде жоолукчан, куюлган өпкөлөр баштаган даамдын түрлөрүн тааный аласызбы? Тест бул жерде.

Белгилер:
наалат, каргыш, тест, уруш, кыргыз тили
Тема:
Кыргызча тесттер (160)
Тема боюнча
Эскирген сөздөрдү эстейбиз. Чалбар, көн, сүңгү. Тест
Тууган, куда-сөөк, кайын журт: биле жүрсөңүз ашыктык кылбайт. Тест
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү Жансеит Туймебаев менен

Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлүн кабыл алды

(жаңыланган 22:23 28.01.2021)
Мамлекет башчы кызматка киришкен күнү "Газпром" компаниясынын  төрагасынын орун басары жана директорлор кеңешинин мүчөсү Виталий Маркеловду да кабыл алган.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблея төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

  • Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблея төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаевди кабыл алды
    Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблея төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаевди кабыл алды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Жапаров Түймебаевге инаугурацияга  катышкандыгы үчүн ыраазычылык айтты. Ал боордош эки элдин ортосундагы мамилени бекемдөөгө Назарбаевдин салымы зор экенин белгилеген
    Жапаров Түймебаевге инаугурацияга  катышкандыгы үчүн ыраазычылык айтты. Ал боордош эки элдин ортосундагы мамилени бекемдөөгө Назарбаевдин салымы зор экенин белгилеген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблея төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаевди кабыл алды

Жапаров Түймебаевге инаугурацияга  катышкандыгы үчүн ыраазычылык айтты. Ал боордош эки элдин ортосундагы мамилени бекемдөөгө Назарбаевдин салымы зор экенин белгилеген.

Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолукту
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мамлекет башчы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, инвестициялык алакаларды кеңейтүүгө даяр жана кызыкдар экенине токтолгон.

Өз кезегинде Туймебаев Кыргызстанга Назарбаевдин атайын тапшырмасы менен келгенин белгиледи. Ошондой эле казакстандыктар боордош кыргыз элинин тагдырына жана Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга кайдыгер эместигин айтты.

Жапаров кызматка киришкен күнү "Газпром" компаниясынын  төрагасынын орун басары жана директорлор кеңешинин мүчөсү Виталий Маркеловду да кабыл алган.

Жолугушууда өлкөнү газ менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча мындан аркы чаралар талкууланды. 

Мамлекет башчы "Газпром" Кыргызстандын газ тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын белгилеп, бул багытта жүргүзүп жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирген.

Белгилер:
өкүл, Нурсултан Назарбаев, Садыр Жапаров, Казакстан, Кыргызстан
Тема:
Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары
Тема боюнча
Бир туугандары, үй-бүлөсү көз салып. Садыр Жапаровдун ант берген аземинен 17 ирмем
Президент Жапаров биринчи кезекте кайсы жарлыктарга кол коерун айтты
Улуттук кийим кийген аял. Архив

Катасыз жаза аласызбы? Тесттен өтөбүз

Учурда калктын көбүн сабаттуу деп билебиз. Бирок кээде бир сүйлөмдөн 4-5 катаны көрүүгө болот. Негизи адам кээде билимин маал-маалы менен текшерип турса ашыктык кылбайт.

Sputnik Кыргызстан кыргыз тилиндеги сөздөрдү туура жазуу боюнча кезектеги тестин даярдады.

 

Sputnik Кыргызстан сайтынан каалаган темада каалаган учурда каалаган санда тест таба аласыз. Алардын тематикасы ар кыл.

Эгерде Кыргызстан санариптешип баратат, онлайн-диктант жазышым керек десеңиз, аныбыз дапдаяр.

Сабаттуу жаза аларымды текшерем дегендерге тестти илгиртпей сунуш кылабыз.

Кандай гана кыргызча татаал сөз болсо да, кыйналбай түшүнөм дегендер үчүн да тест даярдаганбыз.

Депутаттын ката жазарын көрөм десеңиз, көз майыбызды коротуп жасаган тест да бар.

Баса, Facebook баракчабызга кирсеңиз, каалаган темада тесттер бар. Четинен өтө берсеңиз болот.

Белгилер:
кыргыз тили, сабат, жазуу, ката, кыргызча тест, Кыргызстан
Тема:
Кыргызча тесттер (160)
Тема боюнча
Бүтүрүүчүлөр үчүн түзүлгөн тесттен өтө аласызбы? ЖРТнын суроолору
Кыргызча катасыз жазарыңызды текшерип көрүңүз. Тест
Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрүнө көрүнүш. Архивдик сүрөт

Бишкектин айрым бөлүгүндө электр жарыгы болбойт. График

(жаңыланган 17:53 20.04.2021)
Электр энергиясы баш калаанын көчөлөрүндө да, конуштарда да өчүрүлөт. Бул оңдоо иштерине байланыштуу экени айтылды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Эртең, 21-апрелде, Бишкектин бир катар районунда электр энергиясы өчүрүлөт. Маалымат "Түндүк электр" ишканасынын сайтына чыкты.

Бул күнү мекеменин кызматкерлери турак үйлөрдүн чубалгыларын, трансформаторлорду оңдоп, бак-дарактарды бутайт.

График:

  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Токтоналиев көчөсүндөгү №320 үй жана Тынчтык конушунда;
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Чүй жана Манас проспектилеринде, Калык Акиев көчөсүндө, Жаш гвардия, Фрунзе, Исанов, Мурманский көчө кесилиштеринде жана Балбан-Таймаш конушунда;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — №9 кичи райондогу №6 көп кабаттуу үйдө жана №10 кичи райондогу №21/1 үйдө;
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Жибек жолу проспектисинде жана Тоголок Молдо көчөсүндө;
  • 9:30дан 19:00гө чейин — №5 кичи районунун айрым бөлүгүндө (№2-5, 19/2, 19/3 үйлөрдө);
  • 9:40тан 18:00гө чейин — Гоголь көчөсүндөгү №92 үйдө жана Огонбаев көчөсүндөгү №222 үйдө;
  • 10:00дөн 17:00гө чейин — Бакай-Ата конушунун айрым бөлүгүндө (Алмамбет жана Бакай-Ата көчөлөрү);
  • 13:00дөн 17:00гө чейин — Аламедин-1 кичи районундагы №3 үйдө.
Белгилер:
оңдоо, өчүрүү, "Түндүк Электр" ишканасы, электр энергиясы, Бишкек
Тема боюнча
Эртең Бишкектин бир нече конушунда жарык өчүрүлөт. График