Кыргыз тилинде жазуу. Архив

Катасыз жазган колуңуздан келеби? Тест

7821
(жаңыланган 10:24 09.02.2019)
Бир тамга, бир үтүр сөздүн маанисин таптакыр башкача кылып өзгөртөт. Эгерде тамга түшүп же кошулуп калса кандай маани берери баарыбызга түшүнүктүү. Акыркы учурда ката жазгандар көбөйдү деп наалыгандар менен кошо эле катаны кадыресе көрүнүштөй кабылдагандар да арбыды.

Sputnik Кыргызстан кезектеги тестин да кыргызча туура жаза аласызбы деген темада жасады.

Эгерде биздин тесттер сизге жакса, кызыгууңузду жаратса, башкаларынан да өтүп көрүңүз. Ал үчүн сайттагы "Кыргызча тесттер" рубрикасына кирип, көңүлүңүзгө жаккандарын тандасаңыз болот.

Эгерде макалдар, табышмактар, көөнө сөздөр боюнча тесттер кызыктырса бул жерден тапсаңыз болот.

Эгерде туура жазуу же жалпы республикалык тестирлөө, Кыргызстандын гимни боюнча тесттер кызыктырса да сайтка кирип көрүңүз.

7821
Белгилер:
орфография, жазуу, кыргызча тест
Тема:
Кыргызча тесттер (160)
Тема боюнча
Кыргызча туура жаза аларыңызга ишенесизби? Тест
Эстеп көрсөңүз, бул макалды уктуңуз беле? Тест
Табышмактын жандырмагын таба аласызбы? Тест
Улуттук кийим кийген аял. Архив

Катасыз жаза аласызбы? Тесттен өтөбүз

14150
Учурда калктын көбүн сабаттуу деп билебиз. Бирок кээде бир сүйлөмдөн 4-5 катаны көрүүгө болот. Негизи адам кээде билимин маал-маалы менен текшерип турса ашыктык кылбайт.

Sputnik Кыргызстан кыргыз тилиндеги сөздөрдү туура жазуу боюнча кезектеги тестин даярдады.

 

Sputnik Кыргызстан сайтынан каалаган темада каалаган учурда каалаган санда тест таба аласыз. Алардын тематикасы ар кыл.

Эгерде Кыргызстан санариптешип баратат, онлайн-диктант жазышым керек десеңиз, аныбыз дапдаяр.

Сабаттуу жаза аларымды текшерем дегендерге тестти илгиртпей сунуш кылабыз.

Кандай гана кыргызча татаал сөз болсо да, кыйналбай түшүнөм дегендер үчүн да тест даярдаганбыз.

Депутаттын ката жазарын көрөм десеңиз, көз майыбызды коротуп жасаган тест да бар.

Баса, Facebook баракчабызга кирсеңиз, каалаган темада тесттер бар. Четинен өтө берсеңиз болот.

14150
Белгилер:
кыргыз тили, сабат, жазуу, ката, кыргызча тест, Кыргызстан
Тема:
Кыргызча тесттер (160)
Тема боюнча
Бүтүрүүчүлөр үчүн түзүлгөн тесттен өтө аласызбы? ЖРТнын суроолору
Кыргызча катасыз жазарыңызды текшерип көрүңүз. Тест
Улуттук кийим кийип телефон карап отурган кыздар. Архивдик сүрөт

Кыргызча катасыз жазарыңызды текшерип көрүңүз. Тест

14357
(жаңыланган 19:28 18.07.2020)
Кыргызча туура жазуу боюнча кезектеги тесттин каталарынын бир тобу дал ушул социалдык тармакта жазылган посттордон алынды.

"Аный" десеңиз, анда төмөндөгү сөздөрдүн туура, натуурасын таап көрүүнү сунуштайбыз.

Sputnik Кыргызстан сайтынан каалаган темада каалаган учурда каалаган санда тест таба аласыз. Алардын тематикасы ар кыл.

Эгерде Кыргызстан санариптешип баратат, онлайн-диктант жазышым керек десеңиз, аныбыз дапдаяр.

Сабаттуу жаза аларымды текшерем дегендерге тестти илгиртпей сунуш кылабыз.

Кандай гана кыргызча татаал сөз болсо да, кыйналбай түшүнөм дегендер үчүн да тест даярдаганбыз.

Депутаттын ката жазарын көрөм десеңиз, көз майыбызды коротуп жасаган тест да бар.

Баса, Facebook баракчабызга кирсеңиз, каалаган темада тесттер бар. Четинен өтө берсеңиз болот.

14357
Белгилер:
жазуу, ката, кыргызча тест
Тема:
Кыргызча тесттер (160)
Тема боюнча
Такалбай сүйлөгөн менен такыр катасы жок жаза алабызбы? Тест
Кайрылып эле ката жазгандарга келдик. Тест
Бүтүрүүчүлөр үчүн түзүлгөн тесттен өтө аласызбы? ЖРТнын суроолору
 Россиянын президенти Владимир Путин

Путин Давос форумунда сүйлөп, ааламдын орчундуу маселелерине токтолду

0
(жаңыланган 00:59 28.01.2021)
Путин дүйнөдө болуп жаткан кырдаалды өткөн кылымдын 30-жылдары менен салыштырууга болорун белгиледи.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин 12 жылдык тыныгуудан кийин алгачкы ирет Давос дүйнөлүк экономикалык форумунда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Иш-чара дүйшөмбү күнү башталып, коронавирус пандемиясына байланыштуу онлайн-форматта өтүп жатат. Россия лидери пандемия маалында дүйнө кандай өзгөргөнү боюнча айтып, бардык өлкөлөрдү болушунча бири-бирине жакын ымалада болууга чакырды.

Путин дүйнөдөгү кырдаалды өткөн кылымдын 30-жылдары менен салыштырууга болорун белгиледи.

“Мындай абал менен макул болсо да, ага көнбөсө да болот. Бирок бир топ параметрлер – масштабы, комплекстүүлүгү, чакырыктардын системалык мүнөзү, ойлондурган кооптуулук — баары бир ага кандайдыр бир окшоштук чыгып калып жатат. Биз экономикалык өнүгүүнүн мурдагы ыкмалары менен инструменттеринин каатчылыгын көрүп турабыз. Социалдык катмарга бөлүнүү күчөп кеткен. Бул ааламдык деңгээлде да, бир катар өлкөлөрдүн мисалында да көзгө дароо урунат. Бул тууралуу мурда деле айтып келгенбиз, бирок бүгүн коомдо пикирлердин арбындыгын жаратып жаткан учур. Популизмдин, оңчул жана солчул радикализмдин, дагы башка чекке жеткендиктин өсүшүнө түрткү болууда. Ички саясий абалдын курчушу менен айыгышкан тирешүүлөр бир топ алдыңкы өлкөлөрдө арбыды", — деди Путин.

Россия президенти мунун кесепети эл аралык мамилелерди дагы кыйгап өтпөй, туруксуздукка жана күтүлбөгөн окуяларга кептеп жатканын белгиледи. Эл аралык институттар алсырап, регионалдык жаңжалдар көбөйүп, глобалдык коопсуздук системасы деградацияланып жатканын айтып өттү.

Путин өзүнүн сөзүндө эл аралык мамилелерди чыңалуулар, глобалдуу чатактар, адамзаттын жашоо деңгээли, кирешелердин бөлүнүшү, жакырчылыктан чыгуу жана азыр ааламды силкинтип жаткан коронавирус пандемиясы, ага каршы туруучу вакциналардын жеткиликтүү болбой жатышы тууралуу кеп козгогон.

Россия президенти эмнеден кеп салганы боюнча бул жерден кеңири окуй аласыздар.

0
Белгилер:
Владимир Путин, Россия, форум, Давос
Тема боюнча
Путин Геленджиктеги хан сарай жана макулдашылбаган акциялар тууралуу үн катты