Конок тосуу. Архив

Капыстан Нарынга же Чүйгө кудага барып калсаңыз... Тест

7115
(жаңыланган 13:50 21.06.2019)
Нарынга же Чүйгө жол чыгып, жөнөп калдыңыз. Жакшылыктар көп болсунчу, же куданы ошол жактан күттүңүз. Барганда конок койдон жоош болуп отура бербей, алардын өзгөчө сөздөрүн үйрөнүп алсаңыз, ашыктык кылбаса керек. Бул сапар эки аймакта көбүрөөк колдонулган диалект, говорлордон тест жасадык.

Биздин сайтта эң бир сонун, кызыктуу, андан сырткары, тамаша аралашкан тесттер бар.

Эгерде макалдар боюнча тесттен өтөм десеңиз, ал даяр.

Мага табышмак боюнча тест керек десеңиз, ал мүдөөңүздү да аткарабыз.

Буга чейин али укпаган сөздөр боюнча тест керек, өтүп билимимди текшерем десеңиз, аны да аткарабыз.

Кыргызстан жөнүндө тест издеп жатсаңыз, аныбыз да дапдаяр.

Баса, Facebook тармагындагы баракчадан "Кызыгы көп кыргыз тил" деп аталган баракчага кирип, 100гө чукул тесттерден өтсөңүз болот.

7115
Белгилер:
кыргызча тест, диалект, Чүй облусу, Нарын облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Мамлекеттик кызматкерлердей ката жазбайсызбы? Тест
Жат жазуудан бул каталарды кетирбейсизби? Тест
Жат жазуу – 2. Бул каталарды сиз кетирбейсизби? Тест
Улуттук кийим кийген аял. Архив

Катасыз жаза аласызбы? Тесттен өтөбүз

832
Учурда калктын көбүн сабаттуу деп билебиз. Бирок кээде бир сүйлөмдөн 4-5 катаны көрүүгө болот. Негизи адам кээде билимин маал-маалы менен текшерип турса ашыктык кылбайт.

Sputnik Кыргызстан кыргыз тилиндеги сөздөрдү туура жазуу боюнча кезектеги тестин даярдады.

 

Sputnik Кыргызстан сайтынан каалаган темада каалаган учурда каалаган санда тест таба аласыз. Алардын тематикасы ар кыл.

Эгерде Кыргызстан санариптешип баратат, онлайн-диктант жазышым керек десеңиз, аныбыз дапдаяр.

Сабаттуу жаза аларымды текшерем дегендерге тестти илгиртпей сунуш кылабыз.

Кандай гана кыргызча татаал сөз болсо да, кыйналбай түшүнөм дегендер үчүн да тест даярдаганбыз.

Депутаттын ката жазарын көрөм десеңиз, көз майыбызды коротуп жасаган тест да бар.

Баса, Facebook баракчабызга кирсеңиз, каалаган темада тесттер бар. Четинен өтө берсеңиз болот.

832
Белгилер:
кыргыз тили, сабат, жазуу, ката, кыргызча тест, Кыргызстан
Тема:
Кыргызча тесттер
Тема боюнча
Бүтүрүүчүлөр үчүн түзүлгөн тесттен өтө аласызбы? ЖРТнын суроолору
Кыргызча катасыз жазарыңызды текшерип көрүңүз. Тест
Улуттук кийим кийип телефон карап отурган кыздар. Архивдик сүрөт

Кыргызча катасыз жазарыңызды текшерип көрүңүз. Тест

7817
(жаңыланган 19:28 18.07.2020)
Кыргызча туура жазуу боюнча кезектеги тесттин каталарынын бир тобу дал ушул социалдык тармакта жазылган посттордон алынды.

"Аный" десеңиз, анда төмөндөгү сөздөрдүн туура, натуурасын таап көрүүнү сунуштайбыз.

Sputnik Кыргызстан сайтынан каалаган темада каалаган учурда каалаган санда тест таба аласыз. Алардын тематикасы ар кыл.

Эгерде Кыргызстан санариптешип баратат, онлайн-диктант жазышым керек десеңиз, аныбыз дапдаяр.

Сабаттуу жаза аларымды текшерем дегендерге тестти илгиртпей сунуш кылабыз.

Кандай гана кыргызча татаал сөз болсо да, кыйналбай түшүнөм дегендер үчүн да тест даярдаганбыз.

Депутаттын ката жазарын көрөм десеңиз, көз майыбызды коротуп жасаган тест да бар.

Баса, Facebook баракчабызга кирсеңиз, каалаган темада тесттер бар. Четинен өтө берсеңиз болот.

7817
Белгилер:
жазуу, ката, кыргызча тест
Тема:
Кыргызча тесттер
Тема боюнча
Такалбай сүйлөгөн менен такыр катасы жок жаза алабызбы? Тест
Кайрылып эле ката жазгандарга келдик. Тест
Бүтүрүүчүлөр үчүн түзүлгөн тесттен өтө аласызбы? ЖРТнын суроолору
Актриса Лю Ифэй Мулан тасмасынын премьерасы учурунда. Архив

Кыргызстандыктар тартылган "Мулан" тасмасы сентябрда онлайн көрсөтүлөт

0
(жаңыланган 19:45 05.08.2020)
"Мулан" тасмасынын жаңы версиясы адегенде 27-мартта дүйнөлүк прокатка чыгыш керек болчу. Коронавирус пандемиясына байланыштуу ал кинокомпания тарабынан кийинкиге калтырылган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Walt Disney компаниясы Кыргызстандын каскадерлору катышкан "Мулан" анимациялык тасмасын сентябрь айында коомчулукка чыгарууну чечти. Бул тууралуу The Verge басылмасы жазды.

Тасманын бет ачары түз эфирде Disney+ видео көрсөтүү  тейлөө жайында акчага көрсөтүлөт. 

АКШда жана башка аймактардагы көрүүчүлөр тасманы 29,99 доллар, ага кошумча 6,99 доллар бир айлык абоненттик төлөм берип көрүшөт. Ал эми Disney+ жеткиликтүү эмес өлкөлөрдө тасма салттуу түрдө кинотеатрларда тартууланат.

Султамбаев: америкалыктар менен бирге көк бөрү тууралуу тасма тартылды

"Мулан" тасмасынын жаңы версиясы адегенде 27-мартта дүйнөлүк прокатка чыгыш керек болчу. Коронавирус пандемиясына байланыштуу анын күнү кинокомпания тарабынан кийинкиге калтырылган.

Тасманын башкы ролун кытайлык актриса жана ырчы Лю Ифей ойнойт. Киного кыргызстандык Эрлан Жанышбек уулу, Мурат Бурханов, Дамир Ашимов жана Нургазы Мамаражап уулу тартылган. Алар тасмага Жайдарбек Кунгужинов жетектеген Nomad Stunts кыргыз-казак кесипкөй каскадерлор тобунун курамында катышкан. Кунгужинов өзү гунндардын аскер башчысынын ролун аткарган.

"Мулан" анимациялык тасмасы 1998-жылы чыгып, кинопрокаттан эле 304 миллион доллар киреше тапкан.

Кыргызстандык каскадерлордун "Мулан" киносуна кандайча тартылганын биздин төмөндөгү маектен окуңуз.

0
Белгилер:
каскадер, Кыргызстан, премьера, тасма
Тема боюнча
"Шамбала" тасмасы Шанхайдагы эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт