Ага биздин техникалык шарттар сизге толук мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бул үчүн компьютерди же мобилдик телефонду пайдалансаңыз болот.
Шарты төмөнкүчө: алгач текстти угасыз, аны ошол эле жерге тересиз. Бирок шашып кетпей, көңүл буруп угуңуз. Убакыт кенен, сизге үч ирет окуп беришет. Бүткөн соң, жыйынтыгын билүү үчүн "диктантты текшерүү" деген жерди басасыз. Эгер кааласаңыз, жат жазууңузду Facebook тармагынан бөлүшүңүз, себеби дос-тааныштарыңыз деле диктант жазса жакшы эмеспи.Тексттердин катасын текшерүүдө Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Кыргыз улуттук университетинин Тил кафедрасынын окутуучусу, филолог Ишенбек Султаналиев жардам берди.
Бизде кыргыз тилинде ар кыл тесттер бар. Алардын бир тобу туугандардын аталышы, куда-сөөк боюнча. Дагы бир катарынан өтүп, прокуратура кызматкери же депутат боло алар-албасыңызды текшерсеңиз болот.
Эгерде кадимки эле үлкөн Айтматов кызыктырса же Алыкулдун чыгармачылыгы боюнча билимимди сынайм десеңиз, кош келиңиз!
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблея төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров Түймебаевге инаугурацияга катышкандыгы үчүн ыраазычылык айтты. Ал боордош эки элдин ортосундагы мамилени бекемдөөгө Назарбаевдин салымы зор экенин белгилеген.
Өз кезегинде Туймебаев Кыргызстанга Назарбаевдин атайын тапшырмасы менен келгенин белгиледи. Ошондой эле казакстандыктар боордош кыргыз элинин тагдырына жана Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга кайдыгер эместигин айтты.
Жолугушууда өлкөнү газ менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча мындан аркы чаралар талкууланды.
Мамлекет башчы "Газпром" Кыргызстандын газ тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын белгилеп, бул багытта жүргүзүп жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирген.
Sputnik Кыргызстан кыргыз тилиндеги сөздөрдү туура жазуу боюнча кезектеги тестин даярдады.
Sputnik Кыргызстан сайтынан каалаган темада каалаган учурда каалаган санда тест таба аласыз. Алардын тематикасы ар кыл.
Эгерде Кыргызстан санариптешип баратат, онлайн-диктант жазышым керек десеңиз, аныбыз дапдаяр.
Сабаттуу жаза аларымды текшерем дегендерге тестти илгиртпей сунуш кылабыз.
Кандай гана кыргызча татаал сөз болсо да, кыйналбай түшүнөм дегендер үчүн да тест даярдаганбыз.
Депутаттын ката жазарын көрөм десеңиз, көз майыбызды коротуп жасаган тест да бар.
Баса, Facebook баракчабызга кирсеңиз, каалаган темада тесттер бар. Четинен өтө берсеңиз болот.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Шейшембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +10…+15, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +11…+16, Ысык-Көл жергесинде +4…+9, Нарын өрөөнүндө -1…+4 градус болору айтылды.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +13…+15, Ош шаарында +14…+16 градус болот.