Онлайн-диктант жазчулар барбы? Тест

18179
(жаңыланган 16:02 10.01.2020)
Жат жазууну сагынып калган чыгарсыз. Бул сапар кыргыз тилинде жазуу сабаттуулугубуздун деңгээлин онлайн-диктант менен билебиз. Туура же туура эмес жазганыңызды күтүп отурбай, катасын дароо текшерип, ошол эле жерден көрүп алсаңыз болот.
© Sputnik

Жыйынтыгын дароо көрүүгө тесттин техникалык шарты сизге толук мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бул үчүн компьютерди же смартфонду пайдалансаңыз болот.

Бул сапар кеп кыргыздын батасы туурасында болот.

Диктанттын шарты төмөнкүчө: алгач текстти угасыз, аны ошол эле жердеги төрт бурчтукка тересиз. Шашпай, көңүл буруп угуңуз. Убакыт кенен, сизге үч ирет окуп беришет. Бүткөн соң жыйынтыгын билүү үчүн "диктантты текшерүү" деген жерди басасыз. Эгер кааласаңыз, жат жазууңузду Facebook тармагынан бөлүшүңүз, себеби дос-тааныштарыңыз деле диктант жазса жакшы эмеспи.

Тексттердин катасын текшерүүдө Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Кыргыз улуттук университетинин Тил кафедрасынын окутуучусу, филолог Ишенбек Султаналиев жардам берди.

18179
Белгилер:
Кыргызстан, кыргыз тили, бата, ката, диктант
Тема:
Кыргызча тесттер (160)
Тема боюнча
Эрмендин суусун ичип алгандай болбой... Туура жазуу боюнча кезектеги тест
Сүйлөгөндө го маселе жок. Жаза келгенде жаздым баспайсызбы? Тест
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү Жансеит Туймебаев менен

Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлүн кабыл алды

8527
(жаңыланган 22:23 28.01.2021)
Мамлекет башчы кызматка киришкен күнү "Газпром" компаниясынын  төрагасынын орун басары жана директорлор кеңешинин мүчөсү Виталий Маркеловду да кабыл алган.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблея төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

  • Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблея төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаевди кабыл алды
    Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблея төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаевди кабыл алды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Жапаров Түймебаевге инаугурацияга  катышкандыгы үчүн ыраазычылык айтты. Ал боордош эки элдин ортосундагы мамилени бекемдөөгө Назарбаевдин салымы зор экенин белгилеген
    Жапаров Түймебаевге инаугурацияга  катышкандыгы үчүн ыраазычылык айтты. Ал боордош эки элдин ортосундагы мамилени бекемдөөгө Назарбаевдин салымы зор экенин белгилеген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблея төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаевди кабыл алды

Жапаров Түймебаевге инаугурацияга  катышкандыгы үчүн ыраазычылык айтты. Ал боордош эки элдин ортосундагы мамилени бекемдөөгө Назарбаевдин салымы зор экенин белгилеген.

Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолукту
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мамлекет башчы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, инвестициялык алакаларды кеңейтүүгө даяр жана кызыкдар экенине токтолгон.

Өз кезегинде Туймебаев Кыргызстанга Назарбаевдин атайын тапшырмасы менен келгенин белгиледи. Ошондой эле казакстандыктар боордош кыргыз элинин тагдырына жана Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга кайдыгер эместигин айтты.

Жапаров кызматка киришкен күнү "Газпром" компаниясынын  төрагасынын орун басары жана директорлор кеңешинин мүчөсү Виталий Маркеловду да кабыл алган.

Жолугушууда өлкөнү газ менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча мындан аркы чаралар талкууланды. 

Мамлекет башчы "Газпром" Кыргызстандын газ тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын белгилеп, бул багытта жүргүзүп жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирген.

8527
Белгилер:
Кыргызстан, Казакстан, Садыр Жапаров, Нурсултан Назарбаев, өкүл
Тема:
Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары
Тема боюнча
Бир туугандары, үй-бүлөсү көз салып. Садыр Жапаровдун ант берген аземинен 17 ирмем
Президент Жапаров биринчи кезекте кайсы жарлыктарга кол коерун айтты
Улуттук кийим кийген аял. Архив

Катасыз жаза аласызбы? Тесттен өтөбүз

23783
Учурда калктын көбүн сабаттуу деп билебиз. Бирок кээде бир сүйлөмдөн 4-5 катаны көрүүгө болот. Негизи адам кээде билимин маал-маалы менен текшерип турса ашыктык кылбайт.

Sputnik Кыргызстан кыргыз тилиндеги сөздөрдү туура жазуу боюнча кезектеги тестин даярдады.

 

Sputnik Кыргызстан сайтынан каалаган темада каалаган учурда каалаган санда тест таба аласыз. Алардын тематикасы ар кыл.

Эгерде Кыргызстан санариптешип баратат, онлайн-диктант жазышым керек десеңиз, аныбыз дапдаяр.

Сабаттуу жаза аларымды текшерем дегендерге тестти илгиртпей сунуш кылабыз.

Кандай гана кыргызча татаал сөз болсо да, кыйналбай түшүнөм дегендер үчүн да тест даярдаганбыз.

Депутаттын ката жазарын көрөм десеңиз, көз майыбызды коротуп жасаган тест да бар.

Баса, Facebook баракчабызга кирсеңиз, каалаган темада тесттер бар. Четинен өтө берсеңиз болот.

23783
Белгилер:
Кыргызстан, кыргызча тест, ката, жазуу, сабат, кыргыз тили
Тема:
Кыргызча тесттер (160)
Тема боюнча
Бүтүрүүчүлөр үчүн түзүлгөн тесттен өтө аласызбы? ЖРТнын суроолору
Кыргызча катасыз жазарыңызды текшерип көрүңүз. Тест
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары Марат Пирназаров

Пирназаров: Кыргызстанда криптобиржалардын ишмердүүлүгү көзөмөлдөнөт

0
(жаңыланган 13:44 23.09.2021)
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары Марат Пирназаров Кыргызстанда криптобиржалардын ишмердүүлүгү тууралуу жобо иштелип чыккандыгын айтты.

Криптобиржаларга укуктук талаа түзүү, функцияларын, статусун жана милдеттерин аныктоо учурдун талабы. Мындай пикирин Марат Пирназаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Пирназаров: Кыргызстанда криптобиржалардын ишмердүүлүгү көзөмөлдөнөт

Анын айтымында, аталган багытта шарт түзүү аркылуу көп киреше табуу мүмкүнчүлүгүн жаратса болот.

"Кыргызстанда криптобиржаларга укуктук талаа түзүү үчүн аракеттер жүрүп жатат. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматка криптобиржалардын ишмердүүлүгүнө шарт түзүү максатында тиешелүү укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгуу тагылган. Ушул жылдын 27-майында Экономика жана финансы министрлигинин буйругу менен мекемелер аралык жумушчу топ түзүлүп, бул тармакты билген адистер менен биргеликте жобо иштеп чыктык. Жобо министрлер кабинетинин кароосуна киргизилип, макулдашуу иштери жыйынтыкталууда. Криптобиржаларга укуктук талаа түзүү, функцияларын, статусун жана милдеттерин аныктоо учурдун талабы", — деди Пирназаров.

Ошондой эле адис криптоактивдер менен ишмердүүлүгүн жүргүзгөндөр санариптик биржалар боюнча билим алып коюусу керектигин кошумчалады.

0
Белгилер:
Марат Пирназаров, криптовалюта
Тема боюнча
Жасалма биткоин, финансы пирамидасы. Милиция шылуундарды кантип билсе болорун айтты