Актриса Гүлнара Чокубаева. Архив

Булар кыргыздын кайсы кыйын кыздары, тааныйсызбы? Тест

3780
8-март — Аялдардын эл аралык майрамын утурлай маданият, искусство жаатында Кыргызстанды кыйырга тааныткан кыргыз кыздар тууралуу тест сунуштайбыз.

Бул жерде кыргыздын кино, балет жана опера өнөрүнө салымын кошкон таланттуу айымдар бар. Кыргыздын кыйын кыздары тууралуу уктап жатып ойготсо да айтып бере аласызбы? Анда төмөнкү тесттен өтүп, өзүңүздү сынап көрсөңүз болот.

 

Бизде кыргыз тилинде ар кыл тесттер бар. Алардын бир тобу туугандардын аталышы, куда-сөөк боюнча. Дагы бир катарынан өтүп, прокуратура кызматкери же депутат боло алар, албасыңызды текшерсеңиз болот.

Эгерде кадимки эле үлкөн Айтматов кызыктырса же Алыкулдун чыгармачылыгы боюнча билимимди сынайм десеңиз, кош келиңиз!

3780
Белгилер:
8-март, кыргызча тест, ырчы, балерина, актриса, Кыргызстан
Тема:
Кыргызча тесттер (160)
Тема боюнча
Сүйлөсөк тилден чаң чыгат, жаза келгенде канттик? Тест
Жашырган сөздү таап, жарпыбызды жаза аласызбы? Тест
Ката жазган "кайрандардын" катарында эмессизби? Тест
Улуттук кийим кийген аял. Архив

Катасыз жаза аласызбы? Тесттен өтөбүз

4009
Учурда калктын көбүн сабаттуу деп билебиз. Бирок кээде бир сүйлөмдөн 4-5 катаны көрүүгө болот. Негизи адам кээде билимин маал-маалы менен текшерип турса ашыктык кылбайт.

Sputnik Кыргызстан кыргыз тилиндеги сөздөрдү туура жазуу боюнча кезектеги тестин даярдады.

 

Sputnik Кыргызстан сайтынан каалаган темада каалаган учурда каалаган санда тест таба аласыз. Алардын тематикасы ар кыл.

Эгерде Кыргызстан санариптешип баратат, онлайн-диктант жазышым керек десеңиз, аныбыз дапдаяр.

Сабаттуу жаза аларымды текшерем дегендерге тестти илгиртпей сунуш кылабыз.

Кандай гана кыргызча татаал сөз болсо да, кыйналбай түшүнөм дегендер үчүн да тест даярдаганбыз.

Депутаттын ката жазарын көрөм десеңиз, көз майыбызды коротуп жасаган тест да бар.

Баса, Facebook баракчабызга кирсеңиз, каалаган темада тесттер бар. Четинен өтө берсеңиз болот.

4009
Белгилер:
кыргыз тили, сабат, жазуу, ката, кыргызча тест, Кыргызстан
Тема:
Кыргызча тесттер (160)
Тема боюнча
Бүтүрүүчүлөр үчүн түзүлгөн тесттен өтө аласызбы? ЖРТнын суроолору
Кыргызча катасыз жазарыңызды текшерип көрүңүз. Тест
Улуттук кийим кийип телефон карап отурган кыздар. Архивдик сүрөт

Кыргызча катасыз жазарыңызды текшерип көрүңүз. Тест

10340
(жаңыланган 19:28 18.07.2020)
Кыргызча туура жазуу боюнча кезектеги тесттин каталарынын бир тобу дал ушул социалдык тармакта жазылган посттордон алынды.

"Аный" десеңиз, анда төмөндөгү сөздөрдүн туура, натуурасын таап көрүүнү сунуштайбыз.

Sputnik Кыргызстан сайтынан каалаган темада каалаган учурда каалаган санда тест таба аласыз. Алардын тематикасы ар кыл.

Эгерде Кыргызстан санариптешип баратат, онлайн-диктант жазышым керек десеңиз, аныбыз дапдаяр.

Сабаттуу жаза аларымды текшерем дегендерге тестти илгиртпей сунуш кылабыз.

Кандай гана кыргызча татаал сөз болсо да, кыйналбай түшүнөм дегендер үчүн да тест даярдаганбыз.

Депутаттын ката жазарын көрөм десеңиз, көз майыбызды коротуп жасаган тест да бар.

Баса, Facebook баракчабызга кирсеңиз, каалаган темада тесттер бар. Четинен өтө берсеңиз болот.

10340
Белгилер:
жазуу, ката, кыргызча тест
Тема:
Кыргызча тесттер (160)
Тема боюнча
Такалбай сүйлөгөн менен такыр катасы жок жаза алабызбы? Тест
Кайрылып эле ката жазгандарга келдик. Тест
Бүтүрүүчүлөр үчүн түзүлгөн тесттен өтө аласызбы? ЖРТнын суроолору
Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев. Архив

Тилек Токтогазиев Айыл чарба министрлигиндеги көйгөйлөрдү ачыктады

201
(жаңыланган 00:23 26.10.2020)
Министрдин айтымында, ведомство Советтер Союзунан бери өзгөрбөгөндөй сезим калтырган. Анда керек болсо жылуулук жок экенин белгилеген.

БИШКЕК, 26-окт. – Sputnik. Айыл чарба министрлигинде жаңыланууну талап кылган нерселер көп экен. Бул тууралуу министр Тилек Токтогазиев өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып билдирди. 

Ал кыска мөөнөттүн ичинде өзгөртүүлөрдү жасап, анда иштеп жаткан адистерге жакшыраак шарт түзүп берүүгө аракет жасай турганын белгиледи.

35 жашка чыкпай жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер. Тизме

“Башка министрликтерге салыштырмалуу бул жактын айлыгы аз экен. Жакшы адистерге жакшы маяна төлөп бергидей кылышыбыз керек. Иштөө шарттары дагы начарыраак экен, мисалы жылуулук жок, суук. Ушунун баарын акырындык менен ордуна алып келебиз. Документтердин бардыгы кагаз түрүндө экен. Аны электрондук форматка өткөрүү зарыл”, - деди министр.

Токтогазиев кагаздар электрондук форматка өтсө ички процесстер, дыйкандарга кызмат көрсөтүүлөр батыраак жүрөрүн кошумчалады. Ал ошондой эле министрликте 888 киши иштей турганын, жалпы ведомство текшерилсин деген буйрук чыгарганын белгиледи.

“Азыр биз аудит баштадык. Жалпы министрлик текшерилсин деп Эсептөө палатасына кат менен кайрылдык. Бүт агенттиктер менен департаменттер текшерилет. Функционалдык анализ жүргүзүлүп, кайсы позициялар керек, кайсылары кереги жок экени аныкталат. Себеби бири-бирин кайталап калган штаттар болушу мүмкүн. Аларды кыскартууга туура келет”, - деди Токтогазиев.

Эң жаш министр алдыда чоң реформаларды жасоо ниети бар экенин кошумчалады.

201
Белгилер:
реформа, көйгөй, Тилек Токтогазиев, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги
Тема боюнча
Тилек Токтогазиев жыйын өткөрүп, министрликтеги ишин эмнеден баштаарын айтты