Улуттук кийим кийген кыз. Архив

Кайрылып эле ката жазгандарга келдик. Тест

7710
(жаңыланган 19:13 12.06.2020)
Кайрылып эле ката жазгандардын темасына келдик. Айтып, эскертип турбасак, эстен чыгып кетет окшойт дедик.

Бул сапар "э" менен "е" тамгаларынын, созулма үндүүлөрдүн жазылышына көбүрөөк басым жасадык. Тесттин жыйынтыгын биз менен бөлүшүүнү унутпаңыз.

Sputnik Кыргызстан сайтынан каалаган темада каалаган учурда каалаган санда тест таба аласыз. Алардын тематикасы ар кыл.

Эгерде Кыргызстан санариптешип баратат, онлайн-диктант жазышым керек десеңиз, аныбыз дапдаяр. Сабаттуу жаза аларымды текшерем дегендерге тестти илгиртпей сунуш кылабыз.

Кандай гана кыргызча татаал сөз болбосун кыйналбай түшүнөм дегендер үчүн да тест даярдаганбыз.

7710
Белгилер:
билим, тил, орфография, ката, кыргыз тили, кыргызча тест
Тема:
Кыргызча тесттер (160)
Тема боюнча
Эскирген сөздөр эсиңизде барбы? Кызыктуу тест
Кыргызча билем дейсиз, текшерели. Тест
Тилибиз келбесе да туура жазалы. Тест
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү Жансеит Туймебаев менен

Садыр Жапаров Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлүн кабыл алды

7322
(жаңыланган 22:23 28.01.2021)
Мамлекет башчы кызматка киришкен күнү "Газпром" компаниясынын  төрагасынын орун басары жана директорлор кеңешинин мүчөсү Виталий Маркеловду да кабыл алган.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблея төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

  • Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблея төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаевди кабыл алды
    Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблея төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаевди кабыл алды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Жапаров Түймебаевге инаугурацияга  катышкандыгы үчүн ыраазычылык айтты. Ал боордош эки элдин ортосундагы мамилени бекемдөөгө Назарбаевдин салымы зор экенин белгилеген
    Жапаров Түймебаевге инаугурацияга  катышкандыгы үчүн ыраазычылык айтты. Ал боордош эки элдин ортосундагы мамилени бекемдөөгө Назарбаевдин салымы зор экенин белгилеген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин атайын өкүлү, Казакстан элинин ассамблея төрагасынын орун басары Жансеит Туймебаевди кабыл алды

Жапаров Түймебаевге инаугурацияга  катышкандыгы үчүн ыраазычылык айтты. Ал боордош эки элдин ортосундагы мамилени бекемдөөгө Назарбаевдин салымы зор экенин белгилеген.

Жапаров эл аралык уюмдардын башчылары менен жолукту
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мамлекет башчы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, инвестициялык алакаларды кеңейтүүгө даяр жана кызыкдар экенине токтолгон.

Өз кезегинде Туймебаев Кыргызстанга Назарбаевдин атайын тапшырмасы менен келгенин белгиледи. Ошондой эле казакстандыктар боордош кыргыз элинин тагдырына жана Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга кайдыгер эместигин айтты.

Жапаров кызматка киришкен күнү "Газпром" компаниясынын  төрагасынын орун басары жана директорлор кеңешинин мүчөсү Виталий Маркеловду да кабыл алган.

Жолугушууда өлкөнү газ менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча мындан аркы чаралар талкууланды. 

Мамлекет башчы "Газпром" Кыргызстандын газ тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын белгилеп, бул багытта жүргүзүп жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирген.

7322
Белгилер:
өкүл, Нурсултан Назарбаев, Садыр Жапаров, Казакстан, Кыргызстан
Тема:
Жапаровдун Казакстанга болгон иш сапары
Тема боюнча
Бир туугандары, үй-бүлөсү көз салып. Садыр Жапаровдун ант берген аземинен 17 ирмем
Президент Жапаров биринчи кезекте кайсы жарлыктарга кол коерун айтты
Улуттук кийим кийген аял. Архив

Катасыз жаза аласызбы? Тесттен өтөбүз

22943
Учурда калктын көбүн сабаттуу деп билебиз. Бирок кээде бир сүйлөмдөн 4-5 катаны көрүүгө болот. Негизи адам кээде билимин маал-маалы менен текшерип турса ашыктык кылбайт.

Sputnik Кыргызстан кыргыз тилиндеги сөздөрдү туура жазуу боюнча кезектеги тестин даярдады.

 

Sputnik Кыргызстан сайтынан каалаган темада каалаган учурда каалаган санда тест таба аласыз. Алардын тематикасы ар кыл.

Эгерде Кыргызстан санариптешип баратат, онлайн-диктант жазышым керек десеңиз, аныбыз дапдаяр.

Сабаттуу жаза аларымды текшерем дегендерге тестти илгиртпей сунуш кылабыз.

Кандай гана кыргызча татаал сөз болсо да, кыйналбай түшүнөм дегендер үчүн да тест даярдаганбыз.

Депутаттын ката жазарын көрөм десеңиз, көз майыбызды коротуп жасаган тест да бар.

Баса, Facebook баракчабызга кирсеңиз, каалаган темада тесттер бар. Четинен өтө берсеңиз болот.

22943
Белгилер:
кыргыз тили, сабат, жазуу, ката, кыргызча тест, Кыргызстан
Тема:
Кыргызча тесттер (160)
Тема боюнча
Бүтүрүүчүлөр үчүн түзүлгөн тесттен өтө аласызбы? ЖРТнын суроолору
Кыргызча катасыз жазарыңызды текшерип көрүңүз. Тест
Такси. Архив

Бишкекке жакын жерде жүргүнчүлөр таксистке кол салып, ал бычак менен коргонгон

0
(жаңыланган 22:13 29.07.2021)
Милициянын маалыматы боюнча, эки жүргүнчү 58 жаштагы таксистке кол салган. Кийинчерээк шектүү катары 19 жана 29 жаштагы кишилер кармалган.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Аламүдүн районунда белгисиз адамдар таксистке кол салды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Милицияга 58 жаштагы К.А. аттуу адам кайрылып, такси кызматында иштерин айткан.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, 27-июлда ал "Ош" базарынан кардар салып, жүргүнчүлөр ГЭС-5 районуна жеткирүүнү суранышкан. Болжол менен саат 21:00дө такси көрсөтүлгөн жерге жеткенде автоунаанын артында отурган кардар таксистке кол салып, муунткан. Экинчиси автоунаанын ачкычы менен телефонун тартып алган. Бирок таксист автоунаасындагы бычакты алып, аны менен коргонуп, каракчылардын колунан бошонгон. Андан соң шектүүлөр качып кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча Жазык кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, экспертиза дайындалган.

Милиция кызматкерлери шектүүлөрдү издеп, эки адамды колго түшүргөнү маалым болду. Алар 19 жаштагы Ш.Ж. жана 29 жаштагы Б.Н. аттуу кишилер болуп чыккан.

Азыркы тапта милиция кызматкерлери кармалгандардын бул ишке тиешеси бар-жогун текшерип жатканы айтылды. Колго түшүрүлгөндөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

0
Белгилер:
милиция, бычак, кол салуу, таксист
Тема боюнча
Бишкектеги батирлердин биринен 84 жаштагы кемпирдин сөөгү табылды
Бишкекте жол кырсыгы болуп, бир киши көз жумду. Видео