Атамбаев менен Бердымухамедов тар чөйрөдө жолукту

Жазылуу
Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташууну арттыруу керектигин белгилешти.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында эки мамлекеттин президенттери тар чөйрөдө жолукту.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Алмазбек Атамбаевди өлкөгө болгон алгачкы расмий иш сапары менен куттуктап, эки мамлекеттин биргеликте жасай турган иштери арбын экенин баса белгиледи. Соода-экономикалык, социалдык, маданий жаатта кызматташуу керектигин билдирди.

Өз кезегинде Алмазбек Атамбаев ыраазычылыгын билдирип, Ашхабад шаары таанылгыс болуп өзгөргөнүн айтты.

"Мен Ашхабадга 7 жыл мурда келгем. Азыр таанылгыс болуп өзгөрүптүр. Буга өлкө башчысынын кошкон салымы чоң. Ашхабад түрк тилдүү мамлекеттердин сөзү. Ашх – сүйүү дегенди туюндурат. Андыктан Ашхабад бул — сүйүү шаары", — деди Атамбаев.

Жаңылыктар түрмөгү
0