Президент Алмазбек Атамбаев Бажы биримдигине кирүүнүн себептерин айтты

Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев Бажы Биримдигине кошулууга өлкө үч жылдан бери даяданып келе жаткандыгын айтып, азыр бул уюмга кирбесек, кийин кеч болуп каларын белгиледи

БИШКЕК, 2-дек — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев республикалык телеканалдарга берген маегинде Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү зарыл экендигине токтолуп, бул уюмга азыр кирип албасак, кийин өзүбүз эле кыйналып каларыбызды билдирди. 

"Чындыгында биз бул кадамга ушул 3 жылдан бери даярданып жатабыз. Бажы биримдигине кирүү өзүбүзгө керек, эгер кошулбай калсак, кийин өзүбүз катуу өкүнүп калабыз. Ошондуктан бул жакшылап ойлонуп, жети өлчөнгөн чечим. Экономика жагынан бизге абдан зарыл, Бажы биримдиги, анын арты азыркы Евразиялык экономикалык биримдик болот. Экономикалык маселелерден тышкары ошол эле Казакстан менен Россияда жашап, иштеп жаткан биздин 500 миңге жакын кыз-жигиттерибиз өздөрүн кадимкидей ошол жергиликтүү орус менен казак элиндей эле сезип калат",— деди Атамбаев.

Мамлекет башчысы мындан сырткары КР аталган биримдикке кирбесе, реэкспорт гана токтобостон, республика экономикалык жактан кыйналып калышы толук мүмкүн экендигин кошумчалады.


Жаңылыктар түрмөгү
0