Хоккей боюнча балдар командасын Евразия кубогуна узатуу

Жазылуу
Бишкектеги "шаардык муз аянтчасында" хоккей боюнча Кыргызстандын балдар курама командасын эл аралык "Хоккей жомогу" турнирине узатуу болду.

Кыргызстандын командасы "Хоккей жомогу" Евразия кубогуна даярданууда
КР өкмөтүнүн алдындагы дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Калдырбек Эргешов хоккей федерациясынын жетекчилиги жана жаш хоккеисттердин ата-энелер комитети менен жолукту. 

Хоккей федерациясынын маалыматы боюнча, жаш спортчулардын ата-энелери аларга бирдиктүү форма сатып берген.

Эл аралык "Хоккей жомогу" турнири 21-29-декабрь күндөрү Сочи (Россия) шаарында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0