Атамбаев "Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар?" кинотасманын авторлору менен жолукту

Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев "Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар?" сыяктуу фильм мамлекеттик органдарга жарандардын турмушун жакшыртуу, региондорду өнүктүрүү үчүн кайсы маселелерди чечүү керектигин жакшы түшүнүүгө түрткү берерин айтты.

"Бул туулуп өскөн айылды, Мекенди сүйүү тууралуу жакшы фильм. Алыскы, тоолуу, чек арага канатташ айылда жашаган кыргызстандыктардын эмгекчилдиги жана кайратмандыгы жөнүндө. Дал ушул жарандарыбыз мамлекетибизди бекемдеп, мекенчилдиктин жана каармандыктын үлгүсүн көрсөтүшөт. Фильм алыскы тоолуу айылдын чече турган маселелери тууралуу сөз кеп козгогону менен, позитивизмге жана жакшылыкка үндөп, көрөрмандарга дем берип турат", — деди Алмазбек Атамбаев.

Жаңылыктар түрмөгү
0