Кара түтүн Казандагы "Адмирал" соода борборунан көтөрүлдү

Жазылуу
Татарстандын борборундагы "Адмирал" соода борборунда чоң өрт чыкты. Ага күбө болгон адам тартып алган кадрларды караңыз.

Республиканын чукул түзүмдөрүндөгү маалымат булагы билдиргендей, 15 адам ооруканага жаткырылып, дагы 13 адам текшерү үчүн медициналык мекемелерге жеткирилди. Бир адам каза болду жана дагы бир жабыркануучу урандылар астынан чыгарыла элек. Татарстан ӨКМинин маалыматы боюнча, 4 миң чарчы метр аянттагы өрттүн жайылышы токтотулуп, имараттан 200 адам чыгарылды.

"Өрттү өчүрүүгө аймактык борбордон 207 адам, 59 техника, анын ичинде эки тик учак катышууда", — дейт Россиянын ӨКМинин Приволжье аймактык борборунун өкүлү.

"Адмирал" соода комплекси Казандагы эң ири соода түйүндөрүнөн болуп эсептелет. Анын жалпы аянты 20 миң чарчы метрге жакын. Борбордун үч кабатында кийим, бут кийим, белек, оюнчук ж.б. товарлар сатылат. Ошондой эле кафе, ресторанддар жана миң орундуу унаа токтото турган жайы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0