(0:35 / 3.40Mb / )

Алмазбек Атамбаев 2002-жылы Аксы окуяларында курман болгондорду эскерди

75
(жаңыланган 19:46 17.03.2015)
Мамлекет башчысы мындан он үч жыл мурда болгон Аксы окуясынын курмандыктарын эскерди.

Мамлекет башчысы баш калаанын борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы 2002-жылдын Аксы окуяларында жана 2010-жылдын Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монументке гүл койду.

Эскерүү 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында болгон окуялардын жылдыгына арналды.

75
Белгилер:
Бишкек, Алмазбек Атамбаев, Аксы окуясы

Хабиб Нурмагомедов Бишкекте маалымат жыйынын өткөрдү. Видео

51
(жаңыланган 19:01 04.08.2021)
Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга экинчи ирет келди. Алгачкы жолу UFC чемпиону Бишкек шаарына үч жыл мурда келип кеткен эле.

Мушкер Хабиб Нурмагомедов Бишкекте маалымат жыйынын өткөрдү. Ал кечээ Чолпон-Ата шаарында Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын мелдешине кадырлуу конок катары катышкан.

Бул Нурмагомедовдун Кыргызстанга экинчи ирет келиши. Биринчи жолу ал Кыргызстанга 2018-жылы келген. Анда дагы маалымат жыйынын өткөрүп, күйөрмандардын суроолоруна жооп берген.

51
Белгилер:
Хабиб Нурмагомедов, Кыргызстан, маалымат жыйын, видео
Тема боюнча
Нурмагомедов келген көл жээктеги Eagle FC турнири. 17 сүрөт
Бусурманкулдун нокауту жана ага Хабибдин берген кеңеши. Видео

Бүйүр кызытып... Хабиб Нурмагомедовдун Чолпон-Атадагы турнири видеодо

875
(жаңыланган 05:07 04.08.2021)
Кыргызстанда Хабиб Нурмагомедов өзүнүн Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын турнирин өткөрдү. Мелдеш 3-августта Чолпон-Атадагы ипподромдо болду.

UFC уюмунун экс-чемпиону өткөргөн турнирде кыргызстандык спортчулар Россия, Казакстан жана Өзбекстандан келген мушкерлер менен күч сынашты. Анда өлкө атынан Александр Федосеев, Данияр Бабакулов өңдүү белгилүү мушкерлер катышып, жеңишти камсыздады.

Ал эми кеченин башкы беттешинде кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу менен россиялык чемпион Руслан Яманбаев таймашты. Кармаштын экинчи раундунда Абдибаит уулу атаандашын техникалык нокаут менен жеңип, EFC уюмунун 65 килограмм салмактагы чемпиону болду.

Чемпиондук курду турнирге конок болуп келген Хабиб Нурмагомедов өзү такты.

875
Белгилер:
Кыргызстан, Хабиб Нурмагомедов, EFC, видео
Тема боюнча
Бусурманкулдун нокауту жана ага Хабибдин берген кеңеши. Видео
Көлгө келген Хабиб: эртең Олимпиадада алтын алышыңарга тилектешмин
Алексей Федосеев Хабибдин турниринде атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңди. Сүрөт
Мамлекет башчы Садыр Жапаров телефон аркылуу Айсулуу Тыныбекованы куттуктады

Жапаров Айсулуунун беттешин бүлөсү менен көрүп, балбанды телефондон куттуктады

0
(жаңыланган 20:48 04.08.2021)
Белгилүү болгондой, өлкө башчы финалдык таймашты үй-бүлөсү менен көргөн. Президент Тыныбекованы келечекте дагы көп ийгиликтер күтөрүн өзгөчө белгилеген.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров телефон аркылуу улуттук курама команданын мүчөсү, балбан Айсулуу Тыныбекованы Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болушу менен куттуктады. Бул тууралу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

  • Президент Садыр Жапаров с супругой Айгуль Жапаровой во время просмотра выступления борца Айсулуу Тыныбековой на Олимпийских играх в Токио. 04 августа 2021 года
    Белгилүү болгондой, өлкө башчы финалдык таймашты үй-бүлөсү менен көргөн
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Садыр Жапаров с супругой Айгуль Жапаровой во время просмотра выступления борца Айсулуу Тыныбековой на Олимпийских играх в Токио. 04 августа 2021 года
    Президент Тыныбекованы даңктуу жеңиштери менен Кыргызстанды бир нече жолу дүйнөлүк аренада даңазалаганын, аны келечекте дагы көп ийгиликтер күтүп жатканын өзгөчө белгилеген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Белгилүү болгондой, өлкө башчы финалдык таймашты үй-бүлөсү менен көргөн

Белгилүү болгондой, өлкө башчы финалдык таймашты үй-бүлөсү менен көргөн. Президент Тыныбекованы даңктуу жеңиштери менен Кыргызстанды бир нече жолу дүйнөлүк аренада даңазалаганын, аны келечекте дагы көп ийгиликтер күтүп жатканын өзгөчө белгилеген.

"Бүгүн бүтүндөй Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү унутулгус күн. Сиздин бул жогорку сыйлыгыңыз көп жылдар бою күн сайын, талбай машыккан эмгегиңиздин, жеңишти көздөгөн темирдей эркиңиздин, улуу максаттарга умтулгандыгыңыздын акыбети болуп калды. Сиз татыктуу күрөш, мыкты даярдык жана майтарылгыс моралдык дух көрсөттүңүз", — деди Жапаров.

Президент олимпиадалык команданын спортчулары менен машыктыруучулар курамына ден соолук каалап, мекенге аман-эсен кайтып келип алышын тилеген.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Айсулуу Тыныбекова, Садыр Жапаров, куттуктоо
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары