Атамбаев Европаны кыдырууда: президенттин самолету Бельгияга келип конду

Жазылуу
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 26-март күнү кечинде Бельгия Королдугуна иш сапар менен келди.

Буга чейин Атамбаев расмий сапарынын алкагында Швейцариянын Берн шаарында өлкө президенти Симонетта Соммаруга менен жолугуп, маңдай-тескей отуруп, эки тараптуу кызматташуу жана анын келечегин талкуулаган. 

Бул күндөрү КР президенти Алмазбек Атамбаев Европанын алдыңкы мамлекеттери – Австрия, Швейцария, Бельгия, Франция жана Германияга пландалган расмий иш сапар менен жүрөт. Бельгиянын Королу жана жогорку жетекчилери менен жолуккандан кийин, Атамбаев Германияга барып, Еврокомиссия жана Европа Биримдигинин башчылары менен кезигет.

Жаңылыктар түрмөгү
0