Садык Шер-Нияз Алыкул акындын "Өзүмдү өзүм" деп аталган ырын окуйт

Жазылуу
Коомдук ишмер, кинорежиссер, "Айтыш фильм" киностудиясынын жетекчиси Садык Шер-Нияз Алыкул Осмоновдун ырларынын көбүн өспүрүм кезинен эле көркөм окуп келет. Ал акындын чыгармачылыгы тереңдиги менен жагаарын айтат.

"Алыкулдун ырларында өзгөчө чоң тереңдик бар. Мага акындын ырлары дал ушул касиети менен жагат", — дейт Садык Шер-Нияз. Биз сыймыктанган "Курманжан Датканын" режиссеру Садык Шер-Нияз Алыкул акындын "Өзүмдү өзүм" ырын көркөм окуп берди. 

Алыкул Осмонов 1948-жылы жазган "Өзүмдү өзүм" ырында өмүрүн, жашоосун, дүйнөсүн кылым карыткан жылдардын арасынан карап, ой-толгоп, баалап, кээде сын пикир менен көз таштап, анан оптимисттик пафос менен аяктайт. 

Sputnik Кыргызстан кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун жүз жылдыгына арналган видео долбоорду баштады. Алыкулдун аркасы менен кыргыздар дүйнөлүк адабияттын туу чокусун түзгөн Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыры", Пушкиндин "Евгений Онегини", Шекспирдин "Отеллосу" менен таанышкан. Балдар Пушкиндин, Перронун жомокторун, Крыловдун тамсилдерин, Чуковский менен Маршактын ырларын эне тилинде окуй алышты.

Долбоордун техникалык өнөктөшү "Алиппе ТВ" ААКга ыраазычылык билдиребиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0