(1:11 / 7.57Mb / )

Ниязалиева апрель окуяларынын катышуучулары менен жолукту

31
(жаңыланган 10:48 02.04.2015)
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги окуялардын катышуучулары менен жолукту. Анда революцияга берилген баа, анын тарыхтагы маани-маңызы жана ыңкылапчыларга бөлүнгөн жөлөк-пулдар боюнча сөз болду.

Вице-премьер-министр Ниязалиева 2010-жылдын апрель-июнь айларындагы окуяларда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө өкмөт 3 миңден 5 миң сомго чейин материалдык жардам бере турганын айтты.

Ниязалиева 7-апрелде элдик революция болду жана ал максатына жетти деген пикирин билдирди. 

"7-апрелде элдик төңкөрүш эмес, революция болду жана ал максатына жетти. Каза болгондордун өмүрү текке кетпей, революциянын катышуучулары да, жабыр тарткандар да тарыхта алтын тамга менен жазылып калышы керек. Алар туурасында маалыматтарды даярдап, мектеп программасына киргизүү боюнча иштер башталат. 5 жылдык мааракеге арналган 18 мүнөттүк документалдуу тасма тартылды", — деди Ниязалиева.

Вице-премьер-министр 2-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 2010-жылдын 7-апрелине арналган китептин бет ачары, 3-апрелде Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде фотокөргөзмө болорун маалымдады.

31
Белгилер:
Дамира Ниязалиева, Апрель окуялары
Тема:
Апрель окуялары. Беш жылдан кийин (11)

Аябай бактылуу болуп турам! Акаевдин сурактан чыккандан кийинки маеги видеодо

216
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Бишкекке 16 жылдан кийин кайтып келип, УКМКга сурак берди. Ал Кумтөр кенине байланышкан кылмыш иши боюнча тергөөнүн алкагында чакырылган.

Мурдагы мамлекет башчы УКМК имаратынын ичинде суракта бир нече саат отуруп чыкты. Ал чыгып бара жатып журналисттердин суроолоруна да жооп берди.

Акаев билген маалыматтарын бөлүшүүгө жана мекенине келүүгө уруксат бергени үчүн Кыргызстандын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле тергөө иштери менен өлкөдө бир жума жүрүп кайра Москвага кетерин айтты. Ал эртең дагы сурак берүү үчүн УКМКга келет.

Акаев бүгүн мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров менен жолукканын белгилеп, ага ыраазычылык айтты.

"Мен бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. Себеби 16 жылдан бери биринчи ирет Ата журтка, элибизге келип отурам. Кумтөр боюнча билгенимдин баарын айтып берип, өлкөгө жардам берем. УКМК төрагасына ыраазычылык билдирем, мени жакшы тосуп алып, көңүл буруу менен мамиле кылышты. Болгон чындыкты чын жүрөктөн айтуу үчүн келдим ", — деди мурдагы президент.

Буга чейин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирген.

Ушул эле иш боюнча бир катар аткаминер, депутаттар кармалды. Анын арасында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов (кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди) да бар.

216
Белгилер:
Аскар Акаев, кылмыш, Кумтөр, сурак, келүү
Тема боюнча
Аскар Акаев Кыргызстанга канча убакытка келгенин айтты
Аскар Акаев: Садыр Жапаров менен жолуктум, ага ыраазымын!

Аскар Акаев УКМКдан чыкты. Видео

784
(жаңыланган 20:09 02.08.2021)
2-августта КРдин мурдагы президенти Аскар Акаев Бишкекке учуп келген. Аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке алып келишкен.

"Кумтөр" долбоорунун иши боюнча Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевге коррупция беренеси менен издөө жарыяланган.

Тагыраагы, ушул жылдын 8-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча изделип жаткандардын арасында Акаевдин дагы бар экенин айткан.

784
Белгилер:
Аскар Акаев, Кыргызстан, УКМК, Кумтөр, сурак
Тема боюнча
Аскар Акаев Кыргызстанга келди: азыр эмне болуп жатат. Тексттик баяндама
Акаев учактан түшүп келе жаткан сүрөт. "Манас" аэропортундагы бүгүнкү ирмем
Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов

Акматов: өзгөчө кырдаал жөнүндө мыйзам инвестицияга бөгөт коет

0
Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов "Экономикалык өзгөчө кырдаал жөнүндө" мыйзам долбоору шашылыш кабыл алынгандыгын билдирди.

Аталган мыйзам ишке кирсе ички жана сырткы инвестицияга бөгөт коет. Мындай пикирин Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып белгиледи.

Акматов: өзгөчө кырдаал жөнүндө мыйзам инвестицияга бөгөт коет

Анын айтымында, мыйзамдын чийки жерлери көп жана ал президент кол койгонго чейин дыкат каралып чыгышы керек.

"Экономикалык өзгөчө кырдаал жөнүндө" мыйзам долбоорун эмнеликтен Жогорку Кеңеш өтө шашылыш тартипте карап, үч окуудан тең бир заматта өткөрүп койгонун ишкерлер түшүнгөн жокпуз. Кыргызстанда ансыз да бизнес жасоо оор болуп, бир четинен пандемия күчөп турган учурда бул долбоор ишкерликке чоң тоскоолдуктарды жаратат. Анда чийки, дыкат иштелип чыкпаган жерлери арбын экен. Биз ишкерлер президент кол койгонго чейин бул мыйзамдын кайрадан каралып чыгышын өлкө башчыдан өтүнүп жатабыз. Аталган мыйзам иштеп баштаса ички дагы, сырткы дагы инвестицияга бөгөт коет",— деди Акматов.

Ал өлкө экономикасын көтөрүү үчүн тескерисинче ишкерлерге колдоо көрсөтүү зарылдыгын кошумчалады.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш ушул жылдын 29-июль күнү "Экономикалык өзгөчө кырдаал жөнүндө" мыйзам долбоорун үч окуудан өткөрүп кабыл алган. Анын демилгечиси, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровдун айтымында, мыйзам өлкө экономикасынын төмөндөшүнүн алдын алыш үчүн иштелип чыккан.

0
Белгилер:
Сталбек Акматов, экономика, ишкерлик, мыйзам
Тема боюнча
Экономикалык өзгөчө кырдаал боюнча мыйзам жактырылды. Ал эмне үчүн керек