Тата Улан Алыкул Осмоновдун "Замандашыма" деп аталган ырын окуйт

Жазылуу
Актер жана рэп ырчысы Тата Уландын Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы менен таанышуусу биздин долбоордун катышуучуларынан өзгөчө болуп чыкты. Улан Алыкул Осмоновдун поэзиясына анын котормолору аркылуу келгенин айтып берди.

Орто мектепти Алматыдан аяктап, Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайындагы студент кезинде Михаил Лермонтовдун "Качкын" поэмасын акындын котормосунда жаттап, андан ары калган чыгармаларын окуп баштаптыр.

"Чын-чынына келгенде, элдин оозунда азыр саналуу гана ырлары айтылып келет, калган сонун ырлары менен баары эле тааныш эмес. Андыктан, акындын чыгармаларын коомчулукка жайылтыш керек деп ойлойм. Ал эми "Замандашыма"деген ыры эмнегедир менин жан дүйнөмө жакын сезилди", — дейт Тата Улан.

"Замандашыма" ыры — убакыттын, жашоонун, тирүүлүктүн, бакыттын барк-баасын ченеп-өлчөй билүүгө чакырган чыгарма. Бул өмүрдү текке кетирбей жашап өтүү туурасында окурмандарга акындын айтып калтырган түбөлүктүү темаларынын бири.

Sputnik Кыргызстан кыргыз поэзиясынын классиги Алыкул Осмоновдун жүз жылдыгына арналган видео долбоорду баштады. Алыкулдун аркасы менен кыргыздар дүйнөлүк адабияттын туу чокусун түзгөн Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыры", Пушкиндин "Евгений Онегини", Шекспирдин "Отеллосу" менен таанышкан. Балдар Пушкиндин, Перронун жомокторун, Крыловдун тамсилдерин, Чуковский менен Маршактын ырларын эне тилинде окуй алышты.

Долбоордун техникалык өнөктөшү "Алиппе ТВ" ААКга ыраазычылык билдиребиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0