Атамбаев: эң негизгиси, өз жолубузду таап алдык

Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" борбордук аянтында өткөрүлгөн Апрель элдик революциясынын беш жылдыгына арналган расмий иш-чарага катышты.

Мамлекет башчысы 7-апрель кайгылуу, бирок маанилүү күн болгондугун, ал унутулбай тургандыгын айтты. Андан сырткары, алдыдагы шайлоолор ийгиликтүү болоруна ишенерин билдирди. 

"Беш жыл мурда, 2010-жылдын 7-апрелинде өлкөбүздүн тарыхындагы эң кайгылуу, бирок ошол эле убакта эң маанилүү окуялардын бири болгон. Мен ишенем, канча мезгил өтсө да бул окуя унутулбайт. Элибизде "көч бара-бара түзөлөт" деген сөз бар. Эң негизгиси, өз жолубузду таап алдык. Ошол жолду элибизге 7-апрель ачып берди. Элибиз быйыл мыкты парламентти, эки жарым жылдан кийин мыкты жаңы президентти шайлайт деп ишенем. Бир эле нерсени, 7-апрелди, апрель шейиттерин унутпасак", — деди Атамбаев.

2002-жылы Аксы окуяларында жана 2010-жылдын Апрель окуяларында Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган монументке президент Атамбаев, экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана Жогорку соттун төрайымы Феруза Жамашева гүлчамбар коюшту.

Жаңылыктар түрмөгү
0