Апрель окуяларында каза болгондордун элесине "Ата Бейитте" куран окулуп, гүл коюлду

Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев Апрель элдик революциясынын 5 жылдыгына карата "Ата Бейит" мемориалдык комплексинде болуп, 7-апрелде каза болгондордун элесине арналган монументалдык тактага гүл койду. Андан соң курман болгондордун арбагына багыштап куран окулду.

Мамлекет башчысы менен кошо экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана Жогорку соттун төрайымы Феруза Жамашева, каза болгондордун жакындары жана ал күнү жарадар болгондор катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0