Улуу Ата мекендик согушка эки ирет чакырылган Тенти Тамашаев

Жазылуу
Согуштун 94 жаштагы ардагери Тенти Тамашаев Улуу Ата мекендик согушка 22 жашында аттанган. Жарадар болуп, Кыргызстанга кайтып, бирок согуш талаасына экинчи ирет жөнөтүлгөн. Учурда Москва шаарында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган Кызыл Аянтта өтүүчү парадга барууга даярданып жатат.

"Армияга аттанганда Токмокто уюштурулган атчандар дивизиясына түштүм, бирок, 17 күндөн кийин Чкалов шаарындагы кавалердик офицерлерди даярдоочу училищеге жөнөтүштү. Аны алты айда бүтүп чыгып, согушка кирдим. Чалгынчы элем. Биздикилер 19-ноябрда Сталинградда Фридрих Паулюстун армиясын курчап, ири чабуул башталды. Көп жолдошторубузду жоготтук. Шаарды көздөй акырындап жыла баштаган учурда жарадар болдум", — деп айтып берди Тенти Тамашаев. 

Жарадар болуп айылына келип, мектепке директор болуп иштеп жүргөн учурда Тенти ата 1944-жылы кайрадан майданга жиберилген. Ал Жеңишти Европадан тосуп, 1945-жылы июль айында туулуп-өскөн Түп районуна аман-эсен кайтып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0