Нурманбет айылынын тургундардын талабы менен эшек эти башка жакка ташылмай болду

Жазылуу
Нурманбет айылынын тургундары ыргытылган эшектин этин президенттин иштеген жерине алып барабыз деп жинденишти.

Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылынын тургундары биотермикалык аңга ыргытылган эшектин этин "Ак үйгө" алып барабыз деп жинденишти. 

Апрель айынын башында Нурманбет айылынын тургундары айыл четиндеги мал өлүгүн таштай турчу аңга эшектин эттери ыргытылганын байкашкан. Эшектин этин башка жакка алып барып көмүү боюнча айылдыктардын талабын Ветеринардык инспекциянын Ысык-Атадагы башкармалыгы эске албастан, эттерди өрттөшкөн.

Быйыл февраль айынын аягында Сокулук районунун Ак-Жол айылындагы сарайлардын биринде эшек союлуп жатканы аныкталып, калк арасында бир топ чуу жараткан. Эшектерди сойгон "Кайтал" ЖЧКсы бул эттер Гонконгдогу зоопарктарга жеткирилерин айтып ишендирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0