(0:44 / 4.52Mb / )

Тогуз коргоол боюнча дүйнөлүк чемпионат Алматыда ачылды

23
(жаңыланган 12:33 16.04.2015)
Борбор Азия элдеринин улуттук оюндары боюнча чемпионатта эркектер жана кыздар арасында сегиз комплект медаль ойнотулат. Мелдешке катышкандар "блиц", "рапид" жана "классика" категориялары боюнча таймашып, жалпы командалык эсеп чыгарылат. Ошондой эле, чемпионатка юниорлор да катышат.

Алматы шаарында Борбор Азия элдеринин улуттук оюну саналган тогуз коргоол боюнча үчүнчү чемпионат өтүүдө. Акылды талап кылган оюн 18-апрелде жыйынтыкталат.

Чемпионатта Кыргызстандын намысын башкы машыктыруучу Нурия Султанмуратова жетектеген 9 спортчу коргойт.

"Бүгүн "классика" категориясы боюнча мелдеш өтүп жатат. Биздин спортчулар жакшы жыйынтык көрсөтөт деп ишенем", — деди Султанмуратова.

Бул оюндун он-лайн-версиясы иштелип чыккандан бери Европа жана Латын Америкасындагы кишилер да ойноп башташты.

Тогуз коргоол боюнча дүйнөлүк I чемпионат 2010-жылы Астанада өткөн. II чемпионат Чехиянын Пардубице шаарында болгон.

Тогуз коргоол 2006-жылы Лондондо өткөн бүткүл дүйнөлүк фестивалдардын;ана олимпиадалардын программасына киргизилген. Бүгүнкү күнү тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдештер Европанын жана Азиянын көптөгөн өлкөлөрүндө дайыма өтүп келет.

23
Пикирлер