(0:49 / 4.87Mb / )

Акын жана согуш ардагери Сооронбай Жусуев кийинки муундарга насаатын айтты

262
(жаңыланган 17:58 15.04.2015)
Кыргыз Республикасынын Баатыры жана кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуев өзүнүн 90 жылдыгын, Жеңиштин 70 жылдыгын тосконго камданып жаткан чагы.

Sputnik кош майрамдын алдында ардагер аксакал менен жолугуп кайтты.

"Жаштарга өзүмдүн ак батамды берип, алар биздин согушта болгонубузду, душман менен кармашканыбызды унутпай жүрсө, анан кыргыз элинин өсүшүн камсыз кылса, Кыргызстан алдыңкы өлкөнүн катарына кирүүсүнө салымын кошсо дейм. Мендеги тилек ушул, балам", — деди Сооронбай аксакал.

Сооронбай Жусуев Улуу Ата мекендик согушка 18 жашында аттанып, Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизиянын катарында байланышчы болуп кызмат өтөгөн. Майдан талаасында эки ирет жарадар болуп, 1945-жылы мекенине кайткан.

262
Белгилер:
Сооронбай Жусуев
Тема боюнча
Сооронбай акындын жааган октун алдындагы өмүрү
Пикирлер