Жээнбеков: коалициянын позициясы башкача болуп кетсе, жыйынтык бүгүнкүдөй болот

Жазылуу
Парламентте өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев премьерлик кызматтан кетери туурасындагы чечим кабыл алгандыгын билдирди.

Бул боюнча спикер Асылбек Жээнбеков парламенттик башкаруунун эң күчтүү фигурасы премьер-министр болушу керектигин айтып, анын өбөлгөлөрүнө токтолду. 

"Өкмөт башчысы аны колдогон партия, көпчүлүк коалиция күчтүү болгондо күчүү болот. Бирок колдогон коалицияда ойлор башкача болуп кетсе, позиция башкача болсо жыйынтык бүгүнкүдөй болот. Бүгүнкү кылган кадамыңыз үчүн сизди сыйлайм, муну менен башка, жаңы маданият түптөлүп жатат. Ишиңизге ийгилик каалайм, тарыхта көп системдүү жумушту баштаган премьер-министр болуп калдыңыз", — деди төрага Жээнбеков. 

 

 

 

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0