Бийчи роботтун бийиктиги 40 сантиметрдей. Анын 18 мотору бар. "Кожомкулду" курап чыгууга 3 миң доллар каражат кеткен. Аны кыймыл-аракетке келтирүү үчүн атайын программаны лицейдин окуучулар өздөрү жазып чыгышкан. Учурда бул робот жыйырмага жакын кыймыл аракеттерди тең салмактуулугун сактоо менен оңой эле жасай алат.
Кыргызстандык бала бир мүнөттүн ичинде теннис столунун үстүндө нунчак менен 49 ирет топту тосуп кайра урган. Рекорддун видеосу Interrecord эл аралык агенттигинин YouTube-каналына жарыяланды.
Interrecord — рекорддорду каттоого алган эл аралык агенттик. Алар 10 жаштагы кыргыз баланын рекордун расмий түрдө каттоого алган. Бул боюнча сертификатты Ташмаматовго агенттиктин директору Влад Капыло тапшырган.
"Я почти знаменит" долбоору Биринчи каналда (Россия) жыл жаңырганда башталган. Анда катышуучулар телекөрүүчүлөргө элде жок өнөрлөрүн көрсөтөт. Ар бирине мүмкүнчүлүк берилип, аларды үч адамдан турган калыстар тобу баалайт.
Ар бир тандоо турунда 11 катышуучу финалга чыгуу үчүн таймашат. Программанын баш байгеси — үч миллион рубль.
Белгилей кетсек, Брюс Лини туурап, анын ыкмаларын жасаган кыргызстандык бала буга чейин Биринчи каналдын "Лучше всех" долбооруна да катышкан.
Жолдоштук беттеш Түркиянын Белек аймагындагы машыгуу базасында өткөн.
Калыстар оюнду токтотууга аргасыз болушкан. Эсеп 1:1 болчу.
Кийинчерээк "Окжетпес" клубу бул ички чемпионатка карата даярдык иретинде өткөрүлгөн беттеш экенин билдирген.
"Матч бейрасмий экенине карабай орой жана кооптуу өттү. Мындай оюндан кийин жаракат алган оюнчу футболго жараксыз болуп калышы да толук мүмкүн. Беттеш токтотулуп, командалар тарап кетти", — деген казакстандык команда.
Өз кезегинде "Верестин" башкы машыктыруучусу Юрий Вирт мындай чырдын чыкканына казакстандыктардын ашкере орой ойногону себеп болгонун айтты.