Бишкектин көчөлөрүнө мыйзамсыз орнотулган жарнама такталарын алуу

Жазылуу
Бишкек мэриясынын жарнама департаменти шаар көчөлөрүнө мыйзамсыз орнотулган жарнамалык такталарды алды.

Буга чейин шаар боюнча ижара мөөнөтү өтүп кеткен 144 жарнамалык такта, ири көлөмдөгү 81 мыйзамсыз конструкция жана 575 кичи көлөмдөгү такталар аныкталган. Мэриянын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз орнотулган 30дан ашык такталар алынган. Аталган иштер шаардык транспортко жолтоо болбош үчүн түндө жасалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0