Ниязалиева: 9-майда кечинде 70 ирет салют атылат

Жазылуу
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Бишкек шаарында өткөрүлө турган иш-чаралар туурасында айтып берди.

Ниязалиева Улуу Ата мекендик согуштун 70 жылдыгына карата майдын тогузуна чейин бир топ иш-чаралар пландалып жана ага даярдыктар көрүлүп жаткандыгын маалымдады.

1-май күнү чуркоо болуп, ага ардагерлерден тарта окуучуларга чейин катышат. 2-майда альпинисттер Ала-Арча тоосуна чыгып, ал жерде Жеңиштин 70 жылдык юбилейине карата мемориалдык такта орнотулат. Андан соң веложарыш уюштурулуп, 4-майда беш миңге жакын окуучулар катышкан чоң парад жана театрлаштырылган иш-чара болуп, ага президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусу күтүлүп жатат.

"7-майда митинг-реквием өтүп, "Жеңиш вальсы" деп аталган фестиваль болуп, ошол учурдагы "Белые Журавли" ыры баштаган обондуу ырлардын фестивалы башталат. Бул КРде гана эмес КМШ мамлекеттеринде да өтөт. Ал эми 9-майда саат 10:00до Аскердик парад башталып, андан кийин майрамдык иш-чаралар уланат. Кечки саат 22:00дө Жеңиштин 70 жылдыгына карата асманга 70 ирет салют атылат", — деди Ниязалиева. 

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Бишкек шаарында өткөрүлө турган иш-чаралар туурасында айтып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0