(1:25 / 8.69Mb / )

Улуу Ата Мекендик согуштун баатырына коюлган эстелик: эскерүү, гимн, Атамбаевдин сөзү

151
(жаңыланган 18:11 08.05.2015)
Россиянын Волоколамск шаарында Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун эстелигин ачууга өлкө башчы Алмазбек Атамбаев катышты.

Өлкө башчысы ардагерлерге жеңиш үчүн ыраазычылык билдирип, аларга чың ден соолук каалады. Ошондой эле, Москва облусунун губернатору Андрей Воробьевге да рахматын айтты.

Президент менен губернатор Улуу Ата мекендик согушта каза болгондордун жаркын элесин эскерип, өчпөс отко гүл коюшту.

151
Белгилер:
эстелик, Улуу Ата Мекендик согуш, Дүйшөнкул Шопоков, Андрей Воробьев, Алмазбек Атамбаев, Волоколамск
Тема:
Улуу Жеңишке 70 жыл (117)
Тема боюнча
Атамбаев Москвага келип, андан ары Волоколамск шаарына кетти
Тосордо Улуу Ата мекендик согуштан кайтпай калган 115 каарманга эстелик орнотулат
Волоколамск шаарында Дүйшөнкул Шопоковдун эстелиги ачылды

18-январда иш ташташы мүмкүн болгон маршрутка айдоочулары эмне дейт? Видео

125
(жаңыланган 15:16 17.01.2021)
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы түз эфирде маршрутка айдоочулары менен сүйлөшүп, алардын пландалып жаткан иш таштоосу боюнча оюн укту.

Эске салсак, Бишкектеги кичи автобустардын айдоочулары 18-январда жумушка чыкпай калышы ыктымал. Маршрутка айдоочулары иш таштай турган болсо, Бишкек мэриясы ташып жеткирүүчү компаниялардын лицензиясын чакыртып алууну суранып Транспорт министрлигине кайрыла турганын билдирген.

Буга чейин ордо калаадагы маршруттук микроавтобустардын айдоочулары коомдук транспорттогу жол кире акысын 15 сомго чейин көбөйтүүнү талап кылышкан. Эгер андай болбой турган болсо, ишти токтотуп митингге чыгышарын айтышкан.

125
Белгилер:
түз эфир, иш таштоо, айдоочу, маршрутка, Бишкек
Тема боюнча
Маршрутка акысын 15 сомго чейин көтөрүү талабы. Бишкек мэриясы жооп кайтарды
Мэрия: Бишкектеги маршрутка айдоочулары иш таштаса лицензиялары алынат

Чыканак менен башка уруп... Соңку UFC турниринин кызыктуу учурлары видеодо

32
Кечээ Абу-Даби шаарында UFC Fight Island 7 турнири болуп өттү. Кеченин башкы беттешинде америкалык мушкер Макс Холлоуэй мекендеши Кэлвин Каттарды утуп алды.

Турнирдин кызыктуу учурлары UFC Russia аталышындагы YouTube-каналга жүктөлдү.

Уюмдун мурдагы чемпиону Холлоуэй спортто жолу болбой, буга чейин эки ирет утулган эле. Учурда жеңишин майрамдап жаткан кези. Ал эми атаандашы Каттар, тескерисинче, эки ирет катары менен жеңип, эми утулуп отурат.

Кеченин дагы бир башкы беттешинде америкалык Карлос Кондит дагы бир АКШ спортчусу Мэтт Браунду калыстардын чечими менен уткан.

32
Белгилер:
видео, мушкер, турнир, UFC, Абу-Даби
Тема боюнча
UFC 2020-жылдагы эң мыкты беттештердин бүйүр кызыткан видеосун жарыялады
Шприц чыгарган ишкана. Архивдик сүрөт

Министр Кара-Суудагы шприц чыгарган ишкананы көрдү. Сүрөт

17
(жаңыланган 15:11 17.01.2021)
Ишкананын ээси мурда шприцтер менен түштүк аймагын гана камсыздап келишсе, жакынкы убакыттарда республиканы камсыздап жатышканын айткан.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Оштун Кара-Суу районундагы шприц чыгаруучу ишкана менен таанышканын мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, соңку күндөрү министр түштүк жергесинде иш сапары менен жүрөт.

Жеке ишкер Канатбек Кадыров ишкана 5 жана 10 граммдык шприцтер менен инсулин алганга ылайыкталган шприцтерди чыгарарын айткан.

"Мурда шприцтер менен түштүк аймагын гана камсыздасак, жакынкы убакыттарда республиканы камсыз кылганга жетиштик. Эми медициналык кол каптарды дагы чыгаралы деп турабыз", — деген ишкер.

Министр мындай кадамдар өлкө үчүн жеңилдик экенин айтып, ишкана жетекчисине ыраазычылыгын билдирген.

17
Белгилер:
ишкер, ишкана, Алымкадыр Бейшеналиев, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Кара-Суу району, Ош
Тема боюнча
Ош облусунун ооруканаларына 26 тез жардам унаасы берилди