Аянанын айтымында, бул ырды анын досунун апасынын туулган күнүнө белек катары эки ай мурун ырдаган. Кийин аны социалдык тармакка да чыгарууну эп көрүшкөн.
Аталган ыр жоопсуз сүйүү тууралуу баяндайт.
Ырдын сөзү Жалил Садыковдуку, обону Жолдошбек Мамажановго таандык. Обончу ырды өзү да аткарган.
Аяна Касымова менен Sputnik даярдаган эксклюзивдүү интервьюну окуңуздар >>>
Эске салсак, Бишкектеги кичи автобустардын айдоочулары 18-январда жумушка чыкпай калышы ыктымал. Маршрутка айдоочулары иш таштай турган болсо, Бишкек мэриясы ташып жеткирүүчү компаниялардын лицензиясын чакыртып алууну суранып Транспорт министрлигине кайрыла турганын билдирген.
Буга чейин ордо калаадагы маршруттук микроавтобустардын айдоочулары коомдук транспорттогу жол кире акысын 15 сомго чейин көбөйтүүнү талап кылышкан. Эгер андай болбой турган болсо, ишти токтотуп митингге чыгышарын айтышкан.
Уюмдун мурдагы чемпиону Холлоуэй спортто жолу болбой, буга чейин эки ирет утулган эле. Учурда жеңишин майрамдап жаткан кези. Ал эми атаандашы Каттар, тескерисинче, эки ирет катары менен жеңип, эми утулуп отурат.
Кеченин дагы бир башкы беттешинде америкалык Карлос Кондит дагы бир АКШ спортчусу Мэтт Браунду калыстардын чечими менен уткан.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкектеги Алтын-Ордо конушундагы турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган конушта өрт саат 13:00 чамасында чыгып, ага ӨКМден эки бөлүм тартылган.
Жабыркагандар жана каза тапкандар жок. Өрттүн себеби такталууда.