(2:09 / 13.00Mb / )

Самаковдун тарапташтары жана Турсунбеков УКМКнын имаратына келди

1308
(жаңыланган 16:54 16.05.2015)
УКМКнын имаратынын жанына депутат Карганбек Самаковдун тарапташтары чогулуп, маалыматты угуп келишкендигин жана аны 48 саат камагандыгын ошол жерге барган Sputnik маалымат агенттигинин сайтынын кабарчысына айтышты.

Ал жерде КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков да келди.

"Мага Эсенгул Байдалиевич (ред. – ЖК депутат Эсенгул Исаков) телефон чалды, мен бул жерге 20:47 же 37 ден өткөндө келгенде УКМКнын тергөө абагына алып кирип кеткенине 20-30 мүнөттөй болуп калды дешти. Киргенге араң уруксат алдым", — деди анын тарапташтарына берген суроолоруна КСДП лидери.

1308
Белгилер:
Карганбек Самаков
Тема:
Карганбек Самаковго карата козголгон кылмыш иши (19)

Байгеге карышкыр да коюлду. Дача СУдагы бүйүр кызыткан аламан улактын видеосу

1389
(жаңыланган 21:46 06.03.2021)
Бишкектин четиндеги Дача СУ айылында чоң аламан улак оюну болду. Ага болжол менен миңге чукул улакчы катышып, салмагы 70 килограмм болгон торпокту тартышты. Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунан дагы атайын ышкыбоздор келишкен.

Аламан улакты Сейдали Келдиев үч уулуна бата алуу үчүн өткөрдү. Ал өзү да 18 жылдан бери улак тартып келет, белгилүү балбандардын бири.

Байгеге эки автоунаа, тирүү карышкыр, алтын кур, беш төө, 10дой тай, торпок, топоз коюлду. Бирок мындай соорундарды утуп алуу оңойго турбайт. Адегенде улакчынын билеги күчтүү, аргымагы күлүк болушу керек.

Улакчылар аттын жалына торпокту тартып алары менен такымдап, зоот атын чаң ызгыта чаап жөнөйт. Эгер жерге түшүп калса топту жарып кирип, жүздөгөн атаандашынын арасынан сууруп чыгышы керек. Эрендер кең талаада жерден эңип, бири-бирине ашырып кызыктуу оюн курушту.

1389
Белгилер:
улакчы, торпок, оюн, байге, аламан улак тартыш
Тема боюнча
Кара-Сууда миңден ашуун улакчы кыл чайнашты. Оюндун кызыктуу учурлары видеодо
Аламан улактын батири талашка түштү. Байыш Ниязов байгеси менен бөлүшмөй болду
"Ынтымак" "Достуктун" айласын кетирип утуп алды. Урунттуу учурлар видеодо
Манас Ниязов Көчмөндөр оюнунда араздашкан казак улакчысы менен элдешти. Видео

Москвада кыргызстандык бөбөк соода борборунун эскалаторунан кулап кетти. Видео

414
(жаңыланган 19:37 06.03.2021)
Элчи жабырлануучунун жакындары менен жолугуп, дипломатиялык өкүлчүлүк юридикалык жардам көрсөтөрүн айткан.

Москвада кыргызстандык төрт жаштагы бала соода борборунун экинчи кабатынан кулап кеткендигин Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Окуя 3-мартта болжол менен күндүзгү саат 12лер чамасында болгон. Кыргызстандык Н.А. аттуу бөбөк эскалатордун экинчи кабат менен тең бийиктигинен кулап кеткен. Бала Москва шаардык саламаттык сактоо департаментинин тез жардам көрсөтүү хирургиясы жана травматология илимий изилдөө институтунун нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылган.

5-мартта Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат аталган бөлүмдүн башчысы менен жолукту. Ал кулап кеткен баланы көрүп, нейрохирургиялык бөлүмдүн башчысынан бөбөктүн тезинен сакайып кетиши үчүн бардык чараларды көрүүнү өтүндү.

Мындан тышкары, элчи жабырлануучунун жакын туугандары менен жолугуп, дипломатиялык өкүлчүлүк юридикалык жардам көрсөтөрүн айткан.

Элчиликтин юристтери үй-бүлө менен тыгыз байланышта иш алып барып жатканы, бул маселе өкүлчүлүктүн көзөмөлүндө турганын белгиледи.

414
Белгилер:
Гүлнара-Клара Самат, оорукана, эскалатор, бала, Кыргызстан, Москва
Тема боюнча
Крокодил 8 жашар баланы атасынын көзүнчө тирүүлөй жутуп алды. Силкинткен окуя
Колледжтеги өтүп жаткан сабак. Архив

Билим сапатын жакшыртуу керек. Колледж мугалимдери окутула баштады

18
(жаңыланган 11:41 07.03.2021)
Окутуучулардын тажрыйбасын тереңдетүү "Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында өтүп жатат.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү системасынын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууга багытталган окутуулар башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Тренингдер "Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында өтүп жатат.

Алгач Кыргызстан эл аралык университетинин Политехникалык колледжинин мугалимдерине билим берүүдө компетенттүүлүктү ишке ашыруунун ыкмасы боюнча окутуу өткөрүлгөн.

Анда мугалимдерге окутуу модулдарын түзүү жана өткөрүү боюнча керектүү маалыматтар берилип, модулдук билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүшкөн.

18
Белгилер:
мугалим, колледж, билим, тренинг, Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстан
Тема боюнча
Батракеева: ЖРТга катталгандан кийин телефон номерди өзгөрткөнгө болбойт
Бишкекте 1-апрелден тарта бардык класстын окуучулары мектепке бара баштайт