Табылды Эгембердиев: көп пландар бар ошого жетпей калам го деп шашып жашап атам

Жазылуу
"Шоро" компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевди былтыр жазында Чуңкурчак жайлоосуна жол салып жүргөн маалда кепке тартканбыз.

Ишкер арманын жана келечекке койгон пландары тууралуу айтып берген.

"Бир гана арман бар, картайып калдым. Көп план бар ошого жетпей калам го деп шашып жашап атам. 20 жылдан бери ушул "Шорону" бутуна тургуза алай эле эс ооду. Негизи бизнесмендин мээси чөнтөгүнө жараша иштейт. Машина бензин жок жүрбөй калгандай эле, акчаң жок болсо мээң иштебей калат", — деп өз ою менен бөлүшкөн.

Ал ошондой эле, чыгармачыл адамдарга түрдүү ойлор келерин, башкалар жасабаган нерселерди жасасам деген максаттары тууралуу да айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0