Сузактагы жер көчкүнүн кесепети: каза болгондор, күйүтүнө чыдабай ыйлагандар

Жазылуу
24-майда түнкү саат экилер чамасында Жалал-Абад облусунда жайгашкан Сузак районунун Ырыс айыл аймагына караштуу Кыр-Жол айлында жер көчкү жүрүп, 5 үйдү басып, 6 адам көчкүнүн астында калган. Каза болгондордун сөгүү табылып, жерге берилди.

Кырдаал болгон жерде байланышты камсыздоо үчүн Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан көчмө ыкчам башкаруу түйүнү иш алып барууда.

Жабыркаган 5 үй-бүлөгө КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 10 орундук 10 даана чатыр  берилип, андан тышкары, алар убактылуу турмуш-тиричилик буюмдар менен камсыздалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0