Кыргызстандагы эң узун киши дарыланыш үчүн акча табууга аракет кылган

Жазылуу
Кыргызстандын эң узун жараны Жеңишбек Райымбаев оорусун жеңип, дарыланууга акча табуу үчүн Бишкектеги Ош базардын маңдайында каалагандар менен сүрөткө түшүп да иштегенин анын иниси Айбек Райымбаев билдирди. Дүйшөмбү күнү ал каза болду. Алдын ала маалыматтар боюнча Жеңишбек мээсиндеги шишиктен улам о дүйнө салган.

Айбек Райымбаевдин айтымында, былтыр Жеңишбек базарга чыгып иштеп, дарылануусу үчүн 70 миң сомдой акча тапкан. Бирок бул сумма дарылануусуна жеткен эмес.

Ал эми президент тарабынан берилген каражаттын жардамы Жеңишбекке тийген жок.

"Эгер жардам эртерээк берилгенде, жыйынтык башкача болмок беле деп ойлоп жатабыз", — деди Айбек.

Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Көк-Жар айылынын айыл башчысы Талант Орозбеков белгилегендей, Жеңишбек мээсинде шишиктен жана кант диабетинен жабыркап келген. Былтыр анын бутун кесишкен. 

Жеңишбек каза болордун алдында президент Алмазбек Атамбаев анын дарылануусу үчүн 100 миң сом бөлгөн. Андан сырткары өмүр бою ай сайын 10 миң сомдон стипендия берилмек.

Жаңылыктар түрмөгү
0