Ахунбаев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде суу түтүгү жарылып, андан суу менен бирге таштар ыргып жатканын окуяга күбө болгон жаран билдирген.
Жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Бийиктиги алты кабаттуу үйгө жеткен суу дүкөндөрдүн чатырларын каптоодо.
Эске салсак, Бишкектеги кичи автобустардын айдоочулары 18-январда жумушка чыкпай калышы ыктымал. Маршрутка айдоочулары иш таштай турган болсо, Бишкек мэриясы ташып жеткирүүчү компаниялардын лицензиясын чакыртып алууну суранып Транспорт министрлигине кайрыла турганын билдирген.
Буга чейин ордо калаадагы маршруттук микроавтобустардын айдоочулары коомдук транспорттогу жол кире акысын 15 сомго чейин көбөйтүүнү талап кылышкан. Эгер андай болбой турган болсо, ишти токтотуп митингге чыгышарын айтышкан.
Уюмдун мурдагы чемпиону Холлоуэй спортто жолу болбой, буга чейин эки ирет утулган эле. Учурда жеңишин майрамдап жаткан кези. Ал эми атаандашы Каттар, тескерисинче, эки ирет катары менен жеңип, эми утулуп отурат.
Кеченин дагы бир башкы беттешинде америкалык Карлос Кондит дагы бир АКШ спортчусу Мэтт Браунду калыстардын чечими менен уткан.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Оштун Кара-Суу районундагы шприц чыгаруучу ишкана менен таанышканын мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, соңку күндөрү министр түштүк жергесинде иш сапары менен жүрөт.
Жеке ишкер Канатбек Кадыров ишкана 5 жана 10 граммдык шприцтер менен инсулин алганга ылайыкталган шприцтерди чыгарарын айткан.
"Мурда шприцтер менен түштүк аймагын гана камсыздасак, жакынкы убакыттарда республиканы камсыз кылганга жетиштик. Эми медициналык кол каптарды дагы чыгаралы деп турабыз", — деген ишкер.
Министр мындай кадамдар өлкө үчүн жеңилдик экенин айтып, ишкана жетекчисине ыраазычылыгын билдирген.