Бишкектиктерге кооптуулук жараткан бак-дарактар

Жазылуу
Бишкекте дүйшөмбү күнү болгон катуу шамалдын кесепети дагы деле жоюлбай, шаар тургундарына кооптуулук жаратып жатат.

Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо көчөсүндө шамалга туруштук бере албай, кулайын деген теректер азыр да кооптуу болуп турат. Сынган бутактар алардын тамырларына оордугун салып жаткандыктан, кайсы учур болбосун кулап түшүшү мүмкүн. 

"Зеленстрой" ишканасынын башкы агроному Сергей Кравер бул туурасында маалыматы бар экендигин айтты. 

"Баарын кыйып, бутап чыкканга жетишпей жатабыз. Жумушчуларыбыз 12-14 сааттап иштеп жатышат", — деди ал.

Бишкекте кулаган жана сынган бактардын 70 пайызга жакыны тазалангандыгын кошумчалады.

Дүйшөмбү күнү кечки саат сегизде катуу шамал башталып, андан сегиз унаа жабыркаган, 80ден ашуун бак кулап, үч жарнама тактасы кыйраган. ӨКМдин билдирүүсү боюнча, шамалдын ылдамдыгы секундасына 25-27 метрге чейин жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0