Көпчүлүктүн көңүлүн бурган Бишкектеги автомашина

Жазылуу
Эски машиналарга жаңы түс берген Александр Тимашов өз коллекциясында биринчи жолу ретро стилиндеги спорттук машинаны жасады.

Бишкек шаарынын тургуну Александр Тимашов 100 жыл мурун чыккан спидстер автомашинасын колго курап чыкты.

Анын дизайны жана конструкциясы толугу менен Тимашовго таандык. Машинага 1,3 көлөмүндүү "Жигулинин" кыймылдаткычы коюлган. Ошол эле учурда колго куралган бул машина 100 км саат ылдамдыкка чейин күүлөнө алат. 

"Эми машинаны сырдаш керек. Дагы электроникасын жана салонун жасаш керек", — деп ой бөлүштү ал.

Бул Тимашовдун кураган төртүнчү машинасы. Ал буга чейин "Ретростиль" командасынын мүчөсү болгон. Алардын командасы "Бархан", Mad cabin, Re-401 сыяктуу машиналарды курашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0