Шабаевдин атасы: адилеттүү сот болбосо, баламды өлтүргөндү өзүм жазалайм

Жазылуу
Тилек Шабаевдин атасы милиция кызматкеринин огунан каза болгон уулунун өлүмү боюнча адилеттүү сот болушун талап кылып, өлкө президентине кайрылды.

Каза болгон баланын атасы Шурубек Шабаев, эгер сот адилет чечим чыгарбаса, уулун аткан жол кайгуул кызматынын инспекторун өзү жазалай турганын айтты. 

"Биздин үнүбүз жетсе, ушуну уксаңыз, президент Алмазбек Атамбаев. Карапайым калкты ушинтип эле ок чыгарып, ата берсе ким калат? Органды тартипке салышыңызды жана баламдын өлүмү боюнча акыйкаттыкты гана сурайм. Балам жөндөн-жөн эле өлүп калды. Эгер адилеттүү сот болбосо, өзүм жазалайм. Мен адилеттүү сот, адилеттүү чечим болот деп күтөм", — деди ал.

Милициянын шеврону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күбө Шабаев өлтүрүлгөндөн жарым сааттан кийин унаа алмашылып калганын билдирди
КРдин Ички иштер министрлигинин Жол кайгуул кызматынын ага инспектору Тилек Оторов Чүй облустук ИИББдин Жол кайгуул кызматына таянуу менен буга чейин билдиргендей, бейшемби күнү болжол менен түнкү саат тогуз жарымдарда Жол кайгуул кызматынын кызматкери "Ниссан Альмеро" автомашинасын айдап бараткан 23 жаштагы Тилек Шабаевди атып салган. Алардын маалыматында, бала автоуунасы менен кызыл жарыкка токтобой өтүп кеткен. Бул окуя Чүй облусунун Беловодское айылында болгон. 

Жол кайгуул кызматынын инспектору Бишкектеги №1 убактылуу кармоо жайына камалган. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0