Бүтүрүүчүлөр эки тилде ант беришип, баш кийиминдерин асманга ыргытышты

Жазылуу
Кыргыз-түрк "Манас" университетинде бүтүрүүчүлөрдүн салтанаттуу кечеси болуп өттү. Бул эл аралык окуу жай 1995-жылы эки мамлекеттин ортосундагы келишимдин негизинде ачылган. Быйыл аталган окуу жай 14-бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду.

Окуу жайдын ректору Себахаттин Балжынын айтымында, учурда университте 16 мамлекеттен келген 20га жакын улуттун өкүлдөрү билим алышат. Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандагы жана чет мамлекеттеги алдыңкы кызматтарда эмгектенишет. Алардын катарында жеке ишкерден тартып, премьер-министрдин маалымат катчысына чейин көтөрүлгөндөрү бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0