Кол чабуулар жана сүрөөндөр – Хакасияда баш байгени тапшыруу

Жазылуу
Июнь айынын башында Хакасияда улуттук ырлардын IV эл аралык "От ыры – 2015" конкурсу өттү. Бир нече конкурстардын лауреату Адилет Азимов баш байгени жеңип алса, Кыргыз-түрк "Манас" университетинин эстрада бөлүмүнүн студенттери Азат Садыков жана Бейше Махабат уулунун "Асман" дуэти экинчи орунду ээледи.

Конкурска 47 мамлекеттин өкүлдөрү катышты. Финалга Кыргызстан, Кытай, Сербия, Армения, Молдова, Казакстан жана башка мамлекеттерден 16 катышуучу өттү. Биринчи орунду хакасиялык ырчы Екатерина Кележекова ээлесе, экинчи орунга башкыртстандык Зилия Бахтиева менен кыргызстандык дуэт "Асман" татыктуу болду. Үчүнчү орунду Кытайдан келген Саранхуар алды. Ал эми көрүүчүлөрдүн купулуна толгон топ деп хакасиялык "Хаалаг" тобу табылды.

Улуттук ырлардын "От ыры" конкурсу үч жылда бир өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0