Четтен келген кыргыздардын көбү документи жок кыйналууда

Жазылуу
Мындан жыйырма чакты жыл мурда түпкү мекени Кыргызстанга кайткан кандаштардын арасында азыркыга чейин документ көйгөйлөрү чечилбей келген мисалдар арбын.

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Дөбө айылында жашап жаткан Тажикстандан көчүп келген кыргыз Алтиной Батирова пенсия албай, ал эми баласы паспорту жок кыйналып жүрөт. Алар Кыргызстанга 1993-жылы 7 баласы, кайын ата, кайын энеси, күйөөсү болуп 13 адам келишкен.

"Кредит алып, андан бир топ жылда араң кутулдук, той-топур, жакшылык-жамандыкка, анча-мынча өлүк-тирикке бара албайт экенсиң, элдей жашай албайм. Балама оордук түшпөсүн деп эч жакка деле чыкпайм. Эми пенсияга чыга албай жүрөм. Неберем оорулуу, баламдын паспорту жок", — деди Алтиной Батирова.

Учурда расмий маалыматтарда Кыргызстанда чет жактан кайтып келген 50 миңдин тегерегиндеги кыргыздар жашайт. Алардын 40 миңге жакыны өлкөнүн жарандыгын алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0