Митингчилер Ак үйдү депутаттардын сүрөтү түшүрүлгөн плакаттар менен айланып жүрүштү

Жазылуу
Укук коргоочулар менен жарандык активисттер Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеп жаткан Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы нааразычылык акциясын өткөрүштү.

Бишкекте Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы митинг өтүүдө
Митинг катышуучулары парламенттин үч фракция лидерлеринин жана президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаевдин чийилген сүрөттөрү түшүрүлгөн плакаттарды илишти.

Акция уюштуруучулары "Баш мыйзамдан колуңду тарт" деп кыйкыргандан кийин милиция кызматкерлери аларга митингдин ордун которууну сунуштады. Ал эми митингге катышуу үчүн келгендер Ак үйдүн батыш эшигине чейин марш менен өтүп, акцияны ошол жерден улантышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0