Боюнда бар үч балалуу "түнкү көпөлөк": балдарымды спортко бергим келет

Жазылуу
"Сүйүүсүн" сатып иштеген кош бойлуу аял Sputnik агенттигине берген маегинде "түнкү көпөлөктүн" Бишкектеги жашоосу тууралуу өз мисалында айтып берди.

Бобби (25 жаштагы келин өзүн ушинтип тааныштырды) секс-индустрияда төрт жылдан бери иштейт. Үч баласы бар келин азыр кош бойлуу. Боюндагы баланын атасы ким экенин билбейт. Келиндин көп кардарынын бири болсо керек.

Башка балдарынын аталарын Бобби жакшы билет. Бирөөсү — үй-жайсыздардын баш калкалоочу жайында бирге жашаган селсаяк.

Бобби балдарын спорт секцияларына берүүнү кыялданат. Анын айтымында, ал жакта машыккан балдар күчтүү жана жемин жедирбегидей болуп чоңоет.

Келиндин атасы жок, апасы болсо акчаны "жардам берип жүргөн жигит" берет деген ойдо.

Жаңылыктар түрмөгү
0