(0:25 / 2.60Mb / просмотров видео: 1)

Судья Сооронкулованы жактагандар Ак үйдүн алдына чыгышты

(жаңыланган 20:11 01.07.2015)
Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованы жактаган бир топ активисттер плакаттарды көтөрүп алып, Ак үйдүн алдына митингге чыгышты.

Нааразычылыкка чыккандардын арасында Нурбек Токтакунов, Токтайым Үмөталиева бар. Митингчилер "Сооронкуловадан колуңду тарт" деген жазууларды көтөрүп алышкан.

Белгилер:
жактоочу, Конституциялык палата, Токтайым Үмөталиева, Нурбек Токтакунов, Клара Сооронкулова, Бишкек
Тема боюнча
КП соту Сооронкулованын кызматтан алынышын парламент колдогон жок
Соттор кеңеши биометрика маселеси үчүн Сооронкулованы сот кызматынан бошотууну чечти

НАТО чалгынчылары РФ чек арасына тез-тезден каттап калышты. Максаты эмне

(жаңыланган 11:50 20.04.2021)
НАТОнун учактары акыркы аптада рекордун жаңылап, Россия чек арасына 58 жолу жакындап келди.

Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, чет элдик чалгынчылар чагымчылык жасоодо. Өтө эле жакын учуп келгендиктен Россиянын истребителдери асманга көтөрүлүп, "мейманды" узатып барууга аргасыз болгон.

НАТОнун учактары Камчатка менен Кара деңизден эмне "шимшилеп" жүрөт? Украина менен таанылбаган Донбасс Республикасынын чектешкен аймагына эмне максат менен байкоо салууда? Жоопту биздин видеодон алууга болот.

Белгилер:
Украина, Кара деңиз, учак, чек ара, Россия, НАТО
Тема боюнча
Украина НАТОго кирет деп ишенип... Россияга ким чагымчылык жасоодо

UFC Шевченко менен Андраденин беттешине карата проморолик жарыялады

Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) Валентина Шевченко менен бразилиялык Жессика Андраденин беттешинин промо видеосун чыгарды.

Кыргызстандык чемпион кыздын беттешин утурлаган ролик UFC уюмунун расмий YouTube-каналына жарыяланды.

Видео UFC уюмунун комментаторлору бир учурда эки дивизиондун чемпиондугун ээлеген Аманда Нуньеске тең келе турган мушкер айым ким болорун талкуулап жаткан жерден башталат. Алардын пикиринде, Нуньеске Шевченко гана чакырык таштай ала турган жалгыз талапкер.

"Ким чакырык таштай алат деп ойлойсуң! Сен анын ким экенин билесиң! Валентина Шевченко", — деген алып баруучулардын бири.

Видеодо ошондой эле алдыдагы мелдештин башкы беттештерине чыгуучу мушкерлердин даярдыктары, алардын мурдагы таймаштарындагы мыкты нокауттары, жыга чапкан соккулары көрсөтүлөт.

"Жеңил салмактын ханышасы эң жеңил салмак категориясынын мурдагы чемпиону Жессика Андраде менен кез келет", — деп айтылат видеодо.

Роликте байкалгандай, Шевченконун машыгуусу Невада штатында Боулдер Сити шаарында өткөн. Бул болжол менен Лас-Вегастын түштүк-чыгыш тарабынан 40 чакырым аралыкта жайгашкан.

Кыргызстандык мушкер кыз менен бразилиялык спортчу 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилле шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет.

Кеченин башкы беттешинде жарым орто салмактын чемпиону Камару Усмана менен Хорхе Масвидаль кармашат. Мелдештеги дагы бир кызыктуу таймаш эң жеңил салмактын мурдагы чемпиону Роуз Намаюнас менен кытайлык Вэйли Чжандын ортосунда өтөт.

Мушкерлер кечесине COVID-19 пандемиясы башталгандан бери алгачкы ирет көрүүчүлөр киргизилет. Алардын саны чектелбейт. Март айынын соңунда UFC башчысы 15 миң көрүүчү катышчу спорттук иш-чаранын билеттери бир нече мүнөттөрдө эле сатылып кеткенин айткан.

Белгилер:
видео, Жессика Андраде, беттешүү, Валентина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Шевченко бразилиялык Андрадени ута алабы? Букмекерлердин пикири
UFC Валентина Шевченко катыша турган мелдештин трейлерин жарыялады. Видео
Бразилиялык атлет кыз Жессика Андраде

Жессика Андраде атаандашы Валентина Шевченконун алсыз жактарын атады

(жаңыланган 13:22 20.04.2021)
Шевченко бразилиялык спортчу менен UFC 261 мелдешинде кез келет. Кыргызстандык мушкер кыз бешинчи ирет UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук наамын коргоо үчүн кармашат.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бразилиялык атлет кыз Жессика Андраде атаандашы Валентина Шевченкону грэпплинг (күрөш) жагынан алсыз деп атады. Бул тууралуу ал Globo Esporte телеканалына берген маегинде айтты.

Кыргызстандык мушкер кыз менен бразилиялык спортчу 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилль шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет.

"Шевченко грэпплинг жагынан алсыз деп ойлойм. Мен атаандашымды тордо кармаганда өзүмдүн канчалык күчтүү экенимди жана өз мүмкүнчүлүгүмө канчалык ишенимдүү экенимди дайыма айтып келем", — деген ал.

Эң жеңил салмактын экс-чемпиону беттеш учурунда Шевченконун "алсыз жагын пайдалана турганын" белгилеген.

"Мен атаандашымды бир канча ыкма менен жерге жыга алам. Жыгып алсам, анда ал тура албайт", — деп белгилеген Андраде.

Анын айтымында, Шевченконун ыкчам соккулары, өзгөчө бутка тепкени кооптуу болуп саналат.

Кеченин башкы беттешинде жарым орто салмактын чемпиону Камару Усмана менен Хорхе Масвидаль кармашат. Мелдештеги дагы бир кызыктуу таймаш эң жеңил салмактын мурдагы чемпиону Роуз Намаюнас менен кытайлык Вэйли Чжандын ортосунда өтөт.

Белгилер:
маек, беттешүү, Жессика Андраде, Валентина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Шевченко бразилиялык Андрадени ута алабы? Букмекерлердин пикири